Кара-Суу, Алай райондорундагы каттуу тиричилик калдыктары(КТК) полигондору үчүн жерлерди трансформациялоо боюнча жолугушуулар өткөрүлдү.

15-16-май 2023-жылы Кара-Суу, Алай райондук мамлекеттик администрацияларынын(РМА) жыйындар залдарында жолугушуулар өткөрүлдү. Бул иш-чара ЕККУнун “Жашыл экономикага жана айлана чѳйрѳнү башкарууга кѳмѳктѳшүү” долбоорунун  алкагында Орхус Борбору, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин(ЖРЭТК) Ош,  аймактык башкармалыгы менен биргеликте уюштурду.

Бул жолугушууларга Кара-Суу, Алай райондорундагы айыл өкмөттөрүнүн башчылары, орун басарлары, жер адистери, Кадастр ММ, райондук архитектураларынын, райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун адистери, КР ЖРЭТКМ Ош, Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын мамлекеттик инспекторлору болуп жалпысынан 50 киши катышышты.

Бул иш-чараларды Кара-Суу РМАнын акиминин орун басары А. Куланова, Алай РМАнын аппарат жетекчиси Аданбай уулу Нурбек ачып Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаевке сѳз берди. Алар жерлерди трансформациялоо иштеринин маанилүүлүгүн белгилешип, катышуучуларды активдүү катышууга чакырды.

КР ЖРЭТКМ Ош аймактык башкармалыгынын мамлекеттик инпекторлору, Т. Мамашов, А. Исмайилов, А.Матисаев жана С. Осмонов Кара-Суу, Алай райондорундагы КТК полигондорунун бүгүнкү күндѳгү абалы боюнча маалымат беришти.

Айыл өкмөттөрүнүн билдирүүсүнө карганда төмөнкү участоктордо атайын полигондор жайгашкан:

– Сары-Колот айыл өкмөтүндө ( Кара-Суу шаары, Савай, Жоош, Отуз-Адыр айыл өкмөттөрү үчүн) – 3,0 га,

– Жаны-Арык айыл өкмөтүндө – 5,0 га,

– Нариман, Кашкар,  Кыштак, Шарк, Төлөйкөн айыл өкмөттөрү – келишим менен Ош шаарынын полигонуна калдыктарды жайгаштырат,

– Кызыл-Суу айыл өкмөтүндө 2,0 га жерди трансформациялоо боюнча иштер жүрүп  жатат,

– Мады айыл өкмөтүндө – 0,43 га жерде полигон мыйзамсыз жайгаштырылган.

Алай районундагы 14 айыл өкмөттөрүнүн ичинен:Алай айыл өкмөтүндө – 0,5 га, Үч Дөбө айыл өкмөтүндө – 0,5 га, Сары таш айыл өкмөтүндө – 0,5 га жерлер мыйзамдуу турдө болүнүп берилген. Кабылан Көл айыл өкмөтүндө – 0,3 га (документи бутө элек), Жошолу айыл өкмөтүндө – 0,40 га (документи даярдалып жатат), Ленин айыл өкмөтүндө – 1,0 га (жерди тандап алуу иштери журуп жатат). Жаны Алай айыл өкмөтү – келишим менен Ош шаарынын полигонуна калдыктарды жайгаштырат. Калган айыл өкмөттөрүндө жерлерди трансформациялоо иштери ынгайлуу тилкелердин жоктугуна байланыштуу жургөн эмес.

Кадастр ММ, райондук архитектураларынын, райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун адистери жерлерди трансформациялоо иштери бир топ жеңилдеп калганын билдиришип, мыйзамда каралган тартипте иш кагаздарын эртерээк даярдоону сунуш кылышты. Полигондордун айлана-чѳйрѳгѳ жана адам ден-соолугуна тийгизген таасири боюнча маалымат беришти.

Орхус Борборунун адиси А. Матисаев жерлерди трансформациялоо боюнча чыгарылган убактылуу жобо жана калдыктар менен иштѳѳ жаатындагы мыйзамдар, токтомдор менен тааныштырды. Ушул эле укуктук ченемдик актылардын көчүрмөлөрү катышуучуларга таратылды.

Катышуучулар Орхус Борбору тарабынан айыл өкмөттөрүндѳ КТКрын полигондорго жайгаштыруу боюнча тургундарга атайын окутуу иш-чараларын ѳткѳрүп берүүсүн суранышты.

Жолугушуулардын соңунда Орхус Борборунун мүдүрү экологияны жакшыртууда кызыктар тараптар менен тыгыз иш жүргүзүүгѳ даяр экенин билдирди.

Жыйындын аягында катышуучулар КТК  жөнгө салууда төмөнкү сунуштарды  беришти:

1.Айыл өкмөттөрүндө калдыктарды жыйноо,жайгаштыруу боюнча атайын ишканаларды уйуштуруу жана бюджеттен каржылоону камсыз кылуу.Атайын техника менен камсыз кылуу.

2.Каттуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруу үчүн атайын полигондорду уюштурууга жерлерди трансформациялоо иштерин алдыга жылдыруу.

3.Айыл өкмөтүндө айлана чөйрөнү булгагандыгы үчүн чара көрүүнүн шарттарын түзүү жана атайын иш кагаздарын иштеп чыгуу.

4.Мыйзам бузуучуларга  айып өлчөмүн жогорулатуу.

5.Калдыктарды кайра иштетүү үчүн  бизнес өкүлдөрү менен иш алып баруу.

6.Айыл өкмөтүнүн тургундары менен таштандылардын көлөмүн азайтуу боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси Матисаев А.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *