Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан кароосуз калган уран калдыктарынын объектилерине жүргүзүлгөн баалоо жана изилдөө жөнүндө маалымат

2017 – жылдын 2 – 3 – ноябрында ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисинин каржылык колдоосу менен Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Төө-Моюн, Кара-Кокту участкаларында жайгашкан уран калдыктарынын объектилерине изилдөө жана баалоо жүргүзүлдү. Ага ГИЭТБнин Араван жана Ноокат райондору боюнча башкармалыгынын башкы инспектору И. Джакишева, ушул эле уюмдун ага инспектору М. Сыдыков, Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Баатыров жана Ош шаарындагы Орхус Борборунун кызматкерлери К. Исабаев жана Т. Жумабековтор катышышты.

Бул изилдөө жана баалоо ОБСЕнин колдоосу менен ишке ашып жаткан “Жашыл экономика, табигый кырсыктарды азайтуу жана Орхус Конвенциясын ишке ашыруу аркылуу Кыргызстанда экологиялык коопсуздукту бекемдөө” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борбору тарабынан ГИЭТБнин Араван жана Ноокат райондору боюнча Аймактык башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлдү.

Изилдөөнүн жана баалоонун жыйынтыгы боюнча Кара-Таш айыл өкмөтунүн жетекчилигине сунушталат:

 

  1. Калыбына келтирилбеген уран калдыктарынын №1, №2, №3, №4, №5, №6, №7, №8, №9, №10, №11, №12-чи объектилеринде тосмолор менен королоо жана коопсуздукту камсыздоо жагын караштыруу;
  2. Адамдар жана жаныбарлар үчүн кооптуу участкаларга кошумча эскертүүчү белгилерди орнотуу зарыл;
  3. Уран калдыктарынын материалдарын курулушка пайдаланууну көзөмөлдөө;
  4. Уран калдыктарынын объектилерине адамдардын баруусуна жана жайыт катары пайдаланууга тыюу салуу;
  5. Айыл башчылары, айыл өкмөтүнүн адистери “Кара-Кокту” участкасына жакын жайгашкан айылдардын жашоочуларына уран калдыктарынын объектилери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү зарыл;
  6. “Кара-Кокту” участкасына жакын жайгашкан мектердин окуучулары үчүн атайын адистерди тартуу менен уран калдыктарынын зыяндуулугу жөнүндө тренингтерди уюштуруу.

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Сулайманов тарабынан бул көйгөйдү чечүүгө жардам берүү үчүн Ноокат Районунун Мамлекеттик Администрациясына, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Айлана-чөйрөнү коргоонун Ош аймактык башкармалыгына жана МЧСтин алдындагы калдык сактоочу жайлар менен иштөө   агенттигине каттар жөнөтүлгөн.

Изилдөөнүн аягында катышуучулар Ноокат Райондук Мамлекеттик Администрациясынын Жалпы бөлүмүнүн башчысы М. Абдылдаев менен жолугушушту. Жолугушууда изилдөөнүн алдын-ала жыйынтыгы боюнча маалымат берилип, ушул маселенин чечүү жолдору талкууланды.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун Коомчулук менен иштөө адиси,

Т. Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *