Каракол шаарында браконьерчилик боюнча семинар өттү

2022-жылдын 2-сентябрында Каракол шаарында, КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору, «Таза Ысык-Көл» коомдук фонду уюштурган «Ысык-Көл облусундагы браконьерчилик көйгөйлөрү. Браконьерчиликтин аймактын биотүрдүүлүгүнө тийгизген терс таасири» –деген аталыштагы тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлүнүн 1-орун басары У.Далиев, Ысык-Көл ОИИБ башчысы К.Джумагазиев,  «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын директорунун м.а. К.Сүйүндүков,  ЖРЭТК министрлигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын экологиялык экспертиза бөлүмүнүн башчысы У.Бектурганов, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын укук-тартип маселелери боюнча башкы адиси Т.Дюшебаев, Балык чарба Департаментинин Ысык-Көл-Нарын облустары боюнча балык коргоо жана өстүрүү бөлүмүнүн өкүлү А.Иманбеков, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов, «Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун жетекчиси А.Шамсутдинов, «Антикоррупциялык көзөмөл» коомдук бирикмесинин жетекчиси Н.Усманбетов, «Эко-Мир» коомдук фондунун юрист- эксперти К.Шайымбеков катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар, браконьерчиликке каршы жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу маалыматтарды беришип, суроолорго жооп беришти.

Тегерек столдун жыйынтыгы менен төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды.

  1. Тарыхый мааниге ээ болгон маданий мурастарды мыйзамсыз казуудан сактоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар иштерди алып барсын.
  2. Чөөлөрдүн саны кескин көбөйүп, үй жаныбарларына кол салган учурлар көп кездеше баштагандыктан, чөөлөрдүн санын азайтуу боюнча тиешелүү иштер аткарылсын.
  3. Браконьерчилик менен күрөшүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчиликтери күчөтүлсүн.
  4. Ысык-Көл көлүнө куйган сууларда браконьерчилик менен күрөшүүнү күчөтүү.
  5. Ысык-Көлдө балык уулоого (балык уулоонун баардык түрлөрүнө) 4 жылдык мораторий киргизүү жагын карап чыгуу.
  6. Балыктардын урук таштоо учурунда, кайыктардын көлгө чыгуусуна тыюу салуу.

Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуулар жиберилип, жооптору коомчулукка билдирилет.

 

Даярдаган С.Турсунакунов

Ысык-Көл Орхус Борбурунун менеджери

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *