Каракол шаарында тегерек стол өттү

2018-жылдын 25-майында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган  «Иш жүзүндө айылдык аймактардын, коомчулук жана ММКнын  катышуусу менен экологиялык милдеттерди чечүү – Орхус Конвенциясынын сапаттык натыйжаларын ишке ашыруу» деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго Каракол шаардык мэриясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Ж.Ж.Соодонбекова, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Жети-Өгүз  аймактык башкармалыгынын башкы адиси Т.Уланбеков, Караколдогу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы А.Ж.Абдыкеев жана Каракол шаарынын жергиликтүү аймактык башкармалыктарынын башчылары, коомчулуктун  өкүлдөрү катышты.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов тегерек столдун катышуучуларына, Орхус конвенциясы, принциптери, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери,  Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун ишмердуулугу, алдыдагы пландар  жөнүндө айтып берди.

Катышуучулар тарабынан Орхус конвенциясы, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун ишмердүүлүгү боюнча көптөгөн суроолор берилип, мындан аркы иштерди алып баруу боюнча сунуштар айтылды.

Мындан сырткары Каракол шаарынын тазалыгы, таштанды таштоочу жайлардын абалы, Ысык-Көлдүн тазалыгы боюнча талкуу жүргүзүлүп, бул көйгөйлөрдү чечүүдөгү кыйынчылыктар, коомчулук менен мамлекеттик органдардын өз ара иш алып баруусу боюнча ойлор айтылды.

Ысык-Көлдөгү Орхус борбору тарабынан жакшы иштер колго алынып жаткандыгын айтышып, Ысык-Көл облусунун башка райондорунда дагы ушундай тегерек столдорду, тренингдерди уюштурууну суранышты.

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *