Каракол шаарынын орто мектептеринин директорлору менен жолугушуу

15-сентябрь  2020-жылы Караколдогу билим берүү бөлүмүнүн жыйындар залында,  ЕККУнун Бишкектеги Программалык кенсесинин каржылык колдоосунда, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган, Каракол шаарынын орто мектептеринин окуучуларынын ортосундагы «Жаратылыш жана биз» аттуу конкурсту өткөрүү боюнча жыйын болуп өттү.

Жыйынга Каракол шаарындагы орто мектептердин директорлору катышты. Жыйынды Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Урумов ачып, Ысык-Көлдөгү Орхус борборуна ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов катышуучуларга Орхус конвенциясы, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору тарабынан аткарылган иштер, пландары тууралуу маалыматтарды берип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Мындан сон Каракол шаарынын орто мектептеринин окуучуларынын ортосунда өтүүчү «Жаратылыш жана биз» аттуу конкурстун Жобосу, өткөрүү шарттары менен тааныштырды. Аталган конкурс 2020-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин өткөрүлүп, жыйынтыгы 2020-жылдын 22-октябрында чыгарылат.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *