Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын жаңы жыйнагы чыгарылат.

budet-podgotovlen-novyj-sbornik-normativno-pravovyh-aktov-v-oblasti-ohrany-okruzhayushhej-sredy

2016-жылдын 18-августунда Бишкектеги Орхус Борборунун кеңсесинде курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын жаңы жыйнагын иштеп чыгаруу жана түзүү боюнча талкуу  жүргүзүү уюштурулду. Бул иш чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (КТЧКТЧМА) кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун  жана Орхус Борборунун өкүлдөрүнүн катышуусу болду.

Мурунку жыйнак 2009-жылы даярдалып чыгарылган жана азыркы убакка чейин экологиялык кызматтар жана коомдук бирикмелер тарабынан колдонулуп келүүдө. Бирок,  акыркы жылдардагы кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды жана ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен,   учурда жаңы жыйнакты иштеп чыгаруу жана түзүү зарылчылыгы келип жетти. Ошондой эле, жыйнакты басып чыгуунун  жана жайылтуунун варианттары  – басма  түрүндөгү жана мобилдик алып жүрүүдөгү электрондук форматтагы түрү  талкууланды. Бул маселелер боюнча КТЧКТЧМА экологиялык стратегия жана саясат башкармалыгынын начальниги Беккулова Ж. жана стратегиялык пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы,   Орхус Конвенциясынын Улуттук координатору Байдакова Н. баяндап беришти.

КТЧКТЧМА тарабынан көтөрүлгөн маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун экологиялык программаларынын координатору В.Гребнев жана Бишкектеги Орхус Борборунун жетекчиси А.Нурбеков жаңы жыйнакты иштеп чыгарууда жана түзүүдө биргелешкен аракеттерди жүргүзүүнү сунуш кылышты. Өз ара кеңешүүдөн кийин жолугушуунун катышуучулары аталган жыйнак 2-3 айдын ичинде даяр боло тургандыгын жана аны түзүүдө бардык кызыкдар болгон тараптар катыша ала тургандыгы жөнүндө макулдашышты.

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *