Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жыйындысы

Бишкектеги Орхус борбору тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жана Бишкектеги ЕККУ Борборунун, Кыргыз Республикасындагы ПРООН  дун катышуусунда,  Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын 2009 –жылдан  2016-жылга чейинки кабыл алынган жана чыгарылган  жыйындысы чогултулду  жана жарыкка чыгарылды. Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы   Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын 2009 –жылдан  2016-жылга чейинки кабыл алынган жана чыгарылган  жыйындысына   Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары,  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, Кыргыз Республикасынын Кодекстери, Инструкциялар, Жоболор ж.б. ЧУА киргизилген.Аталган  жыйынды китеп  2- том жана 3китеп болуп даярдалган. Ал өз ишинде үзгүлтүксүз пайдаланууга керек болгон мамлекеттик түзүмдөр, ведомстволор жана мекемелерге ылайыкталып чыгарылган. Ошондой эле, китеп кызыкдар болгон тараптардын,эл аралык уюмдардын,  фондордун, эл аралык  институттардын жана башка уюмдардын ортосунда жайылтылат жана алардын өз иштеринде колдонулат.  Китеп анчалык көп эмес көлөмдө даярдалган, бирок көптөгөн уюмдардын жана жарандык коомдун күнүмдүк жашоосунда пайдаланууга зарылдыгын байкоо менен, төмөндөгү шилтемени  кароо менен ченемдик укуктук актыларынын  жыйындысы менен тааныша  аласыз.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *