Курчап турган чөйрөнү коргоого тийиштүү маселелер боюнча сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүк боюнча Ош шаарында өткөрүлгөн экинчи тренинг

 vtoroj-trening-po-dostupu-k-pravosudiyu-po-voprosam-kasayushhimsya-okruzhayushhej-sredy-v-g-osh

2015-жылдын 18- ноябрында Ош областынын Ош шаарындагы «Sunrice – 2» мейманканасынын конференц-залында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин колдоосу астында, Кыргыз Республикасынын Орхус Борборлору тарабынан Бишкектеги ЕККУ Борбору менен биргеликте уюштурулган «Орхус Конвенциясынын негиздери жана принциптерин колдонуу методдору”, «Курчап турган чөйрөгө тийиштүү маселелер боюнча сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүк» темасында экинчи тренинг өткөрүлдү.

vtoroj-trening-po-dostupu-k-pravosudiyu-po-voprosam-kasayushhimsya-okruzhayushhej-sredy-v-g-osh

vtoroj-trening-po-dostupu-k-pravosudiyu-po-voprosam-kasayushhimsya-okruzhayushhej-sredy-v-g-osh

Бул тренингде укук коргоо уюмдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, экологиялык уюмдардын, омбудсмендин областтык өкүлдөрү, жеке тажрыйбадагы адвокаттар, региондун жогорку окуу жайларынын юридикалык факультеттеринин окутуучулары, региондун ар түрдүү мамлекеттик экологиялык түзүмдөрүнүн адистери катышышты. Аталган тренинг Бишкек шаарындагы Орхус Борбору тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын эске алуу менен болжолдонгон, Орхус Конвенциясынын жоболорун колдонуунун негиздерин окутуу программасынын уландысы болуп саналат. Борбор курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын окуп үйрөнүү жана мыйзамдарын туура талкуулоо үчүн өлкөнүн бардык региондорун жана коомчулуктун өкүлдөрүн тартууну көздөөдө. Бул бизге жарандарга жана субъекттерге алардын экологиялык маселелердеги экологиялык укуктарын коргоодо жардам көрсөтө турган квалификациялуу адистерди даярдоодо мүмкүндүк берет.

vtoroj-trening-po-dostupu-k-pravosudiyu-po-voprosam-kasayushhimsya-okruzhayushhej-sredy-v-g-osh

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *