Курчап турган чөйрөнүн мониторинги

2019-жылдын 09-10-июлдарында Ош шаарында Экотехинспекциянын инспекторлору үчүн “Өндүрүштүк жана коомдук экологиялык мониторингди өткөрүү” деген темада  тренинг өткөрүлдү.

Бул иш чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Экологиялык коопсуздук жана жаратылыш ресурстарын башкаруу” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус борбору жана Экотехинспекциясы менен биргеликте уютурулган.

Тренингде инспекциянын Ош облусунун Ноокат, Араван райондору жана Кара-Суу району (21 катышуучу), Өзгөн шаары, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондору, Алай жана Чоң-Алай райондору жана Ош шаары (21 катышуучу) боюнча аймактык башкармалыктарынын экологдору, жер, суу ресурстары, кен байлыктарды коргоо, тоо жумуштары жана өндүрүштүк көзөмөл боюнча инспекторлору жана экологиялык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Алдын, Орхус борборунун директору К. Исабаев ЕККУнун долбоору, Орхус борборунун ишмердүүлүгү боюнча кыскача айтып, тренерлерди катышуучуларга тааныштырды. Тренингди ЕККУнун Эл аралык консультанты А. Абдувалиев жана Улуттук консультанты Т. Неронова өткөрүштү.

Тренинг учурунда тренерлер катышуучулар менен биргеликте “Өндүрүштүк экологиялык мониторинг”, “Атмосфералык абаны коргоо”, “Суу ресурстарын коргоо”, “Таштандылар менен иш алып баруу жана жерди коргоо” жана “Коомдук экологиялык мониторинг” темаларын талкуулашты.

Тренинг суроо-жооп аркылуу өтүп, өндүрүштүк жана башка объектилерди текшерүүдө эмнеге көңүл буруу керек экендиги белгиленип жана катышуучулардан текшерүү учурунда кайсыл техникалык каражат зарыл болсо, ошолорго буюртма берүүсү керек экендиги айтылды.

Жана катышуучуларга ЕККУнун  каржылык жардамы менен чыгарылган Текшерүү жүргүзүүдө инспекторлор үчүн колдонмо, “Мергенчлик минимуму” жана Коомдук экологиялык мониторинг жүргүзүү учурунда пайдалануучу Эскертме таркатылды.

Аягында К. Исабаев катышуучуларга активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалап, курчап турган чөйрөнү сактоо маселеси боюнча кызматташууга чакырды.

Инспекторлорго катышкандыктары үчүн сертификат берилди.

 

Коомчулук менен иш алып баруучу адис,

Тургунбек Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *