Кыргыз Республикасында курчап турган чөйрөнʏ коргоо мамлекеттик органынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык юбилейин майрамдоо

5-июньда  – Кыргыз Республикасынын Өкмөтʏнө караштуу курчап турган чөйрөнʏ коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги (КТЧКТЧМА) тарабынан Бишкек шаарында филармониянын залында  Кыргыз Республикасында курчап турган чөйрөнʏ коргоо  мамлекеттик органынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык юбилейине карата  салтанаттуу жыйын өткөрүлдү.Аталган иш чарага  Кыргыз Республикасынын Өкмөтʏнүн Аппаратынын, министрликтеринин жана мекемелеринин жетекчилери ошондой эле, Кыргызстандагы экологиялык долбоорлорду биргеликте иш жүзүнө ашырып жатышкан эл аралык институттардын  өкүлдөрү катышышты.

Салтанаттуу иш чаранын алдында  залда катышып отургандарга Кыргызстандын мамлекеттик экологиялык органынын  түзүлгөнүнөн бери КТЧКТЧМА жүргүзгөн ишмердиги жөнүндө кыскача очерк көрсөтүлдү. КТЧКТЧМА нын директору А.А.Рустамов катышкандарга мекеменин иши жөнүндө баяндап берди, курчап турган чөйрөнʏ коргоо маселелериндеги алгылыктуу  мисалдарга токтоло кетти. Өз сөзүндө ал  Кыргызстандын экологиялык абалын жакшыртууда жылыштар болуп жаткандыгын белгиледи жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринде жалпы биргеликте  көргөн аракеттери үчүн бардык экологдорго ыраазычылык билдирди.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан агро өнөр жай жана экология бөлүмүнүн башчысы  А.Жээналиев чыгып сүйлөп, КТЧКТЧМА нын кызматкерлерин юбилейлик майрамы менен куттуктап өттү, ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтʏнүн сыйлыктары менен сыйланган кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары  Алиона Никулита куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү.

Салтанаттуу иш чаранын аягында КТЧКТЧМА нын директору А.А.Рустамов мекеменин Ардак Грамоталары жана “Айлана чөйрөнү коргоонун мыкты кызматкери” төш белгиси менен курчап турган чөйрөнʏ коргоодо кошкон салымдары жана үлгүлүү иштери үчүн КТЧКТЧМАнын

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *