Кыргыз Республикасында Орхус конвенциясынын принциптерин ишке ашыруу

 realizatsiya-printsipa-orhusskoj-konventsii-v-kyrgyzskoj-respublikу

2015-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарынын “Европа” мейманканасынын конференц-залында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин колдоосу астында, Орхус Борбору тарабынан Бишкектеги ЕККУ Борбору менен биргеликте, «Орхус Конвенциясынын негиздери жана «Курчап турган чөйрөгө тиешелүү маселелер боюнча сот адилеттигине жеткиликтүүлүк» принцибин колдонуу методдору» темасында тренинг өткөрүлдү. Бул тренинг укук коргоочу уюмдардын, коомдук уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, жеке тажрыйбалуу юристтер, адвокаттар, юрист-окутуучулар жана юриспруденция тармагындагы адистер үчүн уюштурулган.

Тренингдин максаты: Кыргыз Республикасындагы укуктук ченемдик актыларды эске алуу менен Орхус Конвенциясынын жоболорун колдонуунун негиздерин окутуу жана Конвенциянын «Курчап турган чөйрөгө тиешелүү маселелер боюнча сот адилеттигине жеткиликтүүлүк» принцибин колдонуу боюнча катышуучулардын потенциалын жогорулатуу. Окуунун жүрүшүндө курчап турган чөйрө жаатындагы Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларын жана мыйзамдарын туура талдоонун зарылдыгы талкууланды жана үйрөтүлдү.
 realizatsiya-printsipa-orhusskoj-konventsii-v-kyrgyzskoj-respublikу

 realizatsiya-printsipa-orhusskoj-konventsii-v-kyrgyzskoj-respublikу

Аталган окуу кадрларды даярдоо маселелеринде өзгөчө маанини ээлейт, анткени алар жарандарга жана субъекттерге, алардын экологиялык укугу бузулган учурларда коргоо иштери боюнча маселеринде жардам бере алышат. Ал эми бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдерди колдонууда чебердикти алууга мүмкүндүк берет, демек коомдо туруктуулукту камсыз кылат жана конституцияга каршы келген ченемдерди пайдаланууда тескери таасирлерди көрсөтүүнү азайтат. Бул Бишкектеги ЕККУ Борборунун колдоосу менен Орхус Борбору тарабынан уюштурулган биринчи байкап көрүү тренинги. Келечекте өлкөнүн региондорунда жарандардын экология жана курчап турган чөйрө жаатындагы укугун коргогон адамдар жана жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар, юристтер жана адвокаттар үчүн ушундай тренингдерди өткөрүү болжолдонууда.

 realizatsiya-printsipa-orhusskoj-konventsii-v-kyrgyzskoj-respublikу

 realizatsiya-printsipa-orhusskoj-konventsii-v-kyrgyzskoj-respublikу

 realizatsiya-printsipa-orhusskoj-konventsii-v-kyrgyzskoj-respublikу

Тренингди өткөрүүнүн экинчи этабы болуп экологиялык укук бузуу көйгөйлөрү боюнча жарандардын кайрылуулары менен үзгүлтүксүз туш болуп иш жүргүзгөн мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүн, коомдук укук тартип органдарынын жана прокуратура кызматкерлерин, областтык, райондук администрациялардын жана жергиликтүү айыл окмоттөрүнүн өкүлдөрүн окутуу саналат. Биз аларга экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө жарандардын кошо аракеттенүүсү боюнча, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын колдонууда негизги укуктары жөнүндө айтып беребиз Окуунун үчүнчү этабында соттук корпустун өкүлдөрү камтылат, аларга эл аралык конвенциянын жоболору жана принциптерин эске алуу менен Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылууга тийиш болуп, кабыл алынган жана ратифицикацияланган экологиялык мыйзамдардын негизги түшүнүктөрү жөнүндө айтып беребиз.

Тренингдерди өткөрүү үчүн Орхус Борбору укук коргоо уюмдарынан квалификациялуу тренерлерди жана экологиялык укук жаатында иштеген көз карандысыз юрист-консультанттарды чакырган, ал эми соттук корпус үчүн тренингдерди өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун сотторунун Окуу Борборунун кызматкерлери чакырылат, алар менен биргеликте ар түрдүү иш чараларды откөрүү боюнча Орхус Борбору өз ара аракеттенүү жөнүндө Меморандум түзгөн. Бул тренингдин катышуучуларына Окуу Борборунун квалификациялуу кадрларынан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун кызматкерлеринен зарыл болгон чебердүүлүктү алууга шарт түзөт.

 realizatsiya-printsipa-orhusskoj-konventsii-v-kyrgyzskoj-respublikу

 realizatsiya-printsipa-orhusskoj-konventsii-v-kyrgyzskoj-respublikу

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *