Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин(КР ЭКМК) Баткен аймактык башкармалыгынын инспекторлору үчүн текшерүү актысы, протоколдорду туура толтуруу боюнча окутуу ѳткѳрүлдү.

4-ноябрь 2021-жылы КР ЭКМК Баткен аймактык башкармалыгында “Жашыл экономикага жана айлана чѳйрѳнү башкарууга кѳмѳктѳшүү” долбоорунун  алкагында Орхус Борбору, КР ЭКМК  Баткен аймактык башкармалыгы менен биргеликте окутуу ѳткѳрдү.

Бул ишчарага КР ЭКМК Баткен аймактык башкармалыгынын, Баткен районунун, Лейлек рйаонунун жана Кадамжай районунун инспекторлору болуп жалпысынан 15 киши катышышты.

Бул иш-чараны Орхус Борборунун мүдүрү Исабаев К. ачып, Орхус Борборунун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Ошондой эле Баткен обласынын инспекторлору менен экологиялык иш-чараларды ѳткѳрүүгѳ даяр экенин билдирди.

Орхус Борборунун адиси Матисаев А. КР ЭКМК эски бланкаларды убактылуу иштетип туруу боюнча чыгарган буйругун, текшерүү актысы, протоколдорду туура толтуруу, КР БУЗУУЛАР ЖѲНҮНДѲ КОДЕКСИ, чарбачылык жана башка иш объекттери үчүн экологиялык паспорт, КР атмосфералык абаны коргоо боюнча жобосун жана  булгоочу заттарды суу объекттерине чыгаруунун жол берилген чектеринин ченемдерин белгилѳѳ боюнча усулга презентация даярдап толук маалымат берди. Ошондой эле www.ecomap.kg сайтына кирип экологиялык картада белгиленген Баткен облусундагы калдыктар полигондорунун бүгүнкү күндѳгү абалы, лицензиясы жок ѳндүрүш ѳндүргѳн жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлбѳгѳн жерлер, кир сууларды тазалоочу жайлар боюнча маалымат берип, инспекторлордон ушундай объекттерге кѳңүл буруп коюларын суранды.

Лейлек районунун ага инспектору,эксперт Марипов А. ѳз ишинде текшерүү актысын, протоколдорду, токтомдорду жана башка иш кагаздарды толтурууда ой бѳлүштү. КР Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин экологиялык бѳлүмүнѳ токтолду.

Окутуунун катышуучулары текшерүү актысын, протоколдорду түзүү боюнча талкуулашып, ѳз тажырыйбалары менен бѳлүшүштү. Ошондой эле айлана-чѳйрѳгѳ аяр мамиле жасоо боюнча видео-роликтерди тартуу сунушталды.

КР ЭКМК Баткен аймактык башкармалыгынын башчысы Умаров Б. Орхус Борбору уюуштурган тегерек стол, окутуу иш-чараларынын маанилүүлүгүн белгилеп ыраазычылык билдирди.

Иш-чара Баткен телекѳрсѳтүүсүнүн жардамы менен тартылып маалымат коомчулукка чагылдырылды.

Окутуунун соңунда КР Кызыл китебине киргизилген жаныбарлардын, канатуулардын жана ѳсүмдүктѳрдүн түрлѳрү боюнча чыгарылган 75 даана плакат таркатылды.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси Матисаев А.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *