Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин егерлерин ар жыл сайын үчүнчү ирээт сыйлоо салтанаты

Дүйнө экологдору жана жаратылышты сүйүүчүлөр ар жыл сайын, 3-мартты Бүткүл Дүйнөлүк жапайы жаратылыш күнү катары белгилешет. Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо боюнча    экологиялык кызматтары жана коомчулук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин  егерлерин  мыкты иштери үчүн сыйлоо салтанатына катыша алышты.

Бул сыйлыктар Кыргызстандын жапайы жаратылышын коргоодо егерлердин  өз иштерине берилгендик менен кызмат кылгандыгына, алардын түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү эмгегин баалоо катары таанылат. Бишкектеги «Жанат»  отелинин конференц-залында  “Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan” Коомдук Фонду жана  «Snow Leopard Trust» Улуттук программасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен биргеликте, «ИНТЕРПОЛ»  жана «DEFRA» эл аралык уюмдарынын колдоосу алдында, КТЧКТЧМА 7 кызматкерин  Ардак баракчалары менен сыйлады.

Булар 2016 –жылы Ысык-Көл жана  Нарын областтарында браконьерлик менен күрөшүүдө зор салым кошкон:  Абдышов Канатбек, Калчаев Аманбек, Асылбеков Сүймөнкул, Жусупов Маккамбай, Шадыкан уулу Кадыр, Курманкожоев Нурлан жана Доконбаев Улан болушту. Мындан тышкары, алардын ар бирине Ардак баракчадан  тышкары, “Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan” Коомдук Фонду тарабынан  5 миңден  15 миң сомго чейин финансылык колдоо көрсөтүлдү, ошондой эле «РСК Банк» атынан демөөрчүлүк сыйлыктар берилди.

КТЧКТЧМА директору Рустамов А.А. белгилегендей, бүгүнкү күндө областтарда  браконьерлик менен күрөшүүдө  алдыңкы катарда   егерлер  турушат, алар  Кыргызстандын флорасын жана  фаунасын коргоодо зор салым кошуп жатат,  ал эми мамлекеттик түзүмдөрдүн коомчулук менен биргеликтеги милдети, алардын оор жана түйшүктүү иштеринде колдо болгон жардамды көрсөтүп, жаратылышты көздүн карегиндей сактоого  жетүүсүнө мүмкүндүктөрдү түзүп берүү.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *