Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндөгү жолугушуу.

2020-жылдын 16-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн 18.06.2020-жылдагы №193 тескемесин аткаруу максатында, Каракол шаарындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуу учурунда өкүлчүлүктүн туризм жана инвестиция тартуу секторунун  башчысы Нурбек Исланов менен Ысык-Көлдөгү Орхус борбору тарабынан аткарылган иштер, пландар талкууланды.

Ысык-Көл районундагы пансионаттар, жеке менчик конок үйлөрүнүн тазалоо курулмаларынын,  таштанды таштоочу жайлардын, санитардык-техникалык полигондордун абалы, таштанды таштоочуу жайлардын документтерин мыйзамдаштыруу, экология жаатында сүйлөшүүлөр болду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын экологиялык маселелерин кароо боюнча Координациялык кенешинин биринчи отурумунда каралуучу маселелер талкууланды.

Мындан сырткары 2020-жылдын 19-сентябрында өткөрүлүүчү Сууларды тазалоонун Бүткүл Дүйнөлүк күнүнө карата, Ысык-Көл облусу боюнча тазалык акциясын өткөрүү, 2021-жылга аткарылуучу иштердин пландары каралып, биргелешип жасалчу иштер макулдашылды.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *