Кыргызстанда төртүнчү Орхус Борбору ачылды

2019-жылдын 5-ноябрында Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде Нарын шаарындагы  Орхус борборун расмий ачуу аземи болуп өттү.

Негизги иш-чаралар башталганга чейин ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин жана Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун кызматкерлери, Нарын шаарында жайгашкан Борбордук Азия Университетинин кампустары менен таанышып чыгышты. Меймандарды аталган университеттин коомчулук менен байланышуу менеджери Э.Сулайманова тосуп алып, университет тууралуу кенири маалыматтарды берип, университеттин кампустарына чакан экскурсия уюштурулду.

Жыйынтыгында жаныдан ачылып жаткан Нарын шаарынын Орхус борбору менен  Борбордук Азия Университетинин студенттеринин ортосундагы өз ара кызматташтык, биргелешип иштерди алып баруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Иш-чаранын 2-бөлүгү Борбордук Азия Университетинин Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде жайгашкан Нарын шаарындагы Орхус борборунун кенсесин ачуу менен улантылды.

Аталган мектептин жыйындар залында   «Кыргыз Республикасында Орхус конвенциясынын принциптеринин аткарылышын талкуулоо, Нарын шаарынын Орхус борборунун ачылышы»- деген аталыштагы тегерек стол уюштурулду.

Тегерек столго Д.Жунусова-Нарын облусунун өнүктүрүү жана социалдык мониторинг бөлүмүнүн башчысы, Н.Байдакова-Орхус конвенциясын Кыргыз Республикасында  ишке ашыруу боюнча улуттук координатору, Б.Кравченко- Борбордук Азия Университетинин өнүктүрүүнүн жогорку мектебинин деканы, Эдуардо Да Рос- ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин аймактарды өнүктүрүү боюнча кенешчиси, Э.Пайзиев- ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин курчап турган чөйрөнүн маселелери боюнча улутттук кенешчиси, С.Турсунакунов-Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери жана Борбордук Азия Университетинин студенттери, Нарын шаарынын тургундары катышты.

Тегерек столду Нарын облусунун өнүктүрүү жана социалдык мониторинг бөлүмүмүн башчысы Д.Жунусова ачып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Алымкуловдун атынан Нарын шаарынын Орхус борборунун ачылышы менен куттуктады. Нарын шаарында орун алган экологиялык көйгөйлөргө токтолуп, борбордун ачылышы менен бул маселелерди чечүүдө жакшы жыйынтыктар жаралаарын, бул жаатта иш алып барып, мамлекеттик органдар менен коомчулукту бириктирүүдө Нарын шаарынын Орхус борборунун орду чон болоорун белгиледи.

Орхус конвенциясын ишке ашыруу боюнча улуттук координатору Н.Байдакова Нарын шаарынын Орхус борборунун ачылышы менен куттуктап, Орхус конвенциясын Кыргыз Республикасында ишке ашыруу боюнча жооптуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасына караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги экендигин белгилеп, жаны ачылган борборго мамлекеттик органдар, коомчулуктун өкүлдөрү менен тыгыз иштерди алып барууга чакырды.

Андан кийин Борбордук Азия Университетинин өнүктүрүүнүн жогорку мектебинин деканы Б.Кравченко сөз алып, Орхус борборлорунун экология жаатында орду чон экенин белгилеп, Нарын шаарынын Орхус борборуна Нарын дарыясынын тазалыгына көнүл бурууну суранды.

ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин аймактарды өнүктүрүү боюнча кенешчиси Эдуардо Да Рос ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин башчысы Пьер фон Аркс мырзанын атынан Нарын шаарынын Орхус борборунун ачылышы менен куттуктап, жаны ачылган борбордун ишине ийгиликтерди каалады.

Орхус конвенциясын ишке ашыруу боюнча улуттук координатор Н.Байдакова тегерек столдун катышуучуларына «Кыргызстанда Орхус конвенциясынын принциптерин ишке ашыруу: чакырыктар жана келечектеги жыйынтыктар» деген аталышта презентация жасап, маалыматтарды берди.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов «Кыргызстандагы Орхус борборлорунун иш  аракеттери: алынган тажрыйба»– деген аталышта презентация жасап, Кыргызстандагы Орхус борборлору , анын ичинен Ысык-Көлдөгү Орхус борбору тарабынан аткарылган иштер боюнча кенири маалыматтарды берди.

Борбордук Азия Университетинин тоолуу жамааттарды изилдөө институнун  илимий кызматкери Ж.Шигаева «Жаратылыш ресурстарын башкаруу жаатындагы изилдөөлөр: Нарын облусунда өткөрүү тажрыйбасы»– деген аталышта презентация жасады.

Маалыматтар берилгенден кийин, ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин курчап турган чөйрөнүн маселелери боюнча улутттук кенешчиси Э.Пайзиевдин модераторлугу алдында, жаныдан ачылган Нарын шаарындагы Орхус борборунун негизги иш аракеттери боюнча талкуулар жүргүзүлдү. Катышуучулар тарабынан Кыргызстандагы Орхус борборлорунун иш аракеттери, мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип иш алып баруулары, биргелешип илимий изилдөө иштерин жүргүзүү мүмкүчүлүктөрү боюнча көптөгөн суроолор берилди.

Жыйынтыгында катышуучулар тарабынан, Нарын шаарынын Орхус борборунун иш аракеттери боюнча сунуш пикирлер айтылып, жаны ачылган борбордун ишине ийгиликтерди каалашты.

 

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов.

 

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *