Кыргызстандагы Орхус Борборлорунун Тажикстандагы регионалдык тренингде катышуусу.

20161004_122049

2016-жылдын  4-7 октябрында  Тажикстан Республикасынын  Карайккум шаарында Борбордук Азия регионунда жакырчылык Тобокелин төмөндөтүү боюнча регионалдык тренинг өткөрүлдү.

ЕККУ Регионалдык тренингди өткөрүүнүн уюштуруучусу болду.Тренингдин ишине Кыргызстандын жана   Тажикстандын райондук мамлекеттик администрацияларынын өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин өкүлдөрү, Кыргызстандын жана   Тажикстандын Орхус Борборлору, жалпы маалымат каражаттарынын  өкүлдөрү  жана эл аралык эксперттер, ошондой эле INTERNEWS программасынын өкүлдөрү катышышты.

Тренингде   Женева шаарынан (Щвейцария) ШАРС боюнча эл аралык эксперт айым- Миколь Мулон негизги  докладчы болду, ал региондогу экологиядагы табигый кырсыктар жаатында иштердин абалы жөнүндө эксперттик материалдарды презентациялады.

Өткөрүлгөн  тренингде чакырылгандар тарабынан төмөнкү материалдар презентацияланды:

– Парвин Махмудов (Тажикстан), өзүнүн материалын «СРБ (жакырчылык тобокелин төмөндөтүү) башкаруу, Кыргызстандагы жана   Тажикстандагы улуттук деңгээлдеги структура, СРБ (жакырчылык тобокелин төмөндөтүү) жаатында чек аралык кызматташтык» темасында презентациялады,

– Ирина Чистякова (Кыргызстан), «Табигый кырсыктарга даярдык көрүү процессине кызыктар болгон жактарды тартуу жана  климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу медиа материалдар. Жалпы маалымат каражаттарынын продукциясынын сапатын баалоо критериялары» темасында презентациялады ,

– Рустам Гулов (Тажикстан),  «Климаттын өзгөрүүсүн, курчап турган чөйрөнү жана көйгөйлөрдү, жакырчылык тобокелин төмөндөтүүнү чагылдыруунун жаңы жалпы маалымат каражаттары. Мультимедиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн мүмкүндүгү» темасы боюнча презентациялады.

20161005_172839

Ошондой эле, топтор боюнча тажрыйба көрсөтүү окуулары өткөрүлдү жана окуулар аяктаганда өздөрүнүн көрсөткөн материалдарын тапшырып беришти.

Бардыгына керектүү нерсе болуп, Кыргызстандын Лейлек району менен чектешкен, Тажикстандын Расулов районунун Маданият селосуна чыгуунун уюштурулуусу болду, мында ушул региондогу табигый кырсыктарды жоюу боюнча Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жүргүзгөн иш чаралары менен таанышуу жүргүзүлдү.

Өткөрүлгөн  тренингде катышуучулар региондогу табигый кырсыктарды жоюу боюнча чек ара кызматтары тарабынан аткарылган иштер, табигый кырсыктарда калктын туура жана так маалыматка жеткиликтүүлүгү, тобокелдиктерди башкаруу методдору жана калкты табигый кырсыктарды жоюу жолдорун үйрөтүүдө, калктын тез арадагы маалыматтуулук чараларын жогорулатууда, СРСБ (табигый кырсыктардын тобокелдиктерин төмөндөтүү) боюнча ресурсных маалыматтык ыңгайлашуучу пакеттерди иштеп чыгарууда иштердин абалы жөнүндө маалымат ала алышты.

20161006_105602

Аталган тренинг долбоорго өнүгүү жана кызматташтык боюнча  Щвейцариялык агентствосу  (ШАРС), Австрия Өкмөтү, Люксембург жана  Лихтенштейн катышкан «ЕККУ өз иш аракетин жүргүзгөн областтарда жакырчылык тобокелин төмөндөтүү жана коопсуздук»   долбоорун ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү. Долбоордун өнөктөштөрү- аткаруучулары  болуп  Түштүк-Чыгыш Европадагы жана Борбордук Азиядагы  Орхус  Борборлору эсептелет, ал эми максаттуу өлкөлөр болуп Албания, Босния  жана Герцеговина, Черногория, Сербия, Кыргызстан  жана Тажикстан саналат.

20161004_171242

 

Видеоинтервью

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *