Кыргызстандагы Орхус тармагынын Консультативдик Кенешинин мүчөлөрү менен жолугушуу

20161118_150154

2016 –жылдын 18- ноябрында  Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун кеңсесинде Консультативдик Кенешинин мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрүлдү. Аталган жолугушуу  КР Орхус Конвенциясынын координатору Байдакова Н.С. көмөгү алдында уюштурулду. Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттигинин,  РЭЦЦА, ӨЭУ жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.

Бардыгы болуп аталган иш чарага 10 адам катышышты. Мында негизги маселелерден болуп 2016-жылдагы Орхус Борборунун ишинин жыйынтыгын талкуулоо жана 2017 –жылга карата иш планын даярдоо болуп саналды.        Ошондой эле, 15- декабрга чейин Орхус Конвенциисынын Секретариатына берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттиги тарабынан Орхус Конвенциясы боюнча улуттук докладды даярдоого даярдык көрүү маселеси каралды. Жолугушуунун жүрүшүндө Орхус Борбору тарабынан уюштурулган Конвенцияны ишке ашыруудагы маселер боюнча жүргүзүлгөн көрүнүктүү жылыштар тууралуу иш чаралар белгиленди, калктын маалыматтуулукка жетүүсү боюнча иштерди жакшыртуу боюнча сунуштар айтылды жана сын пикирлер берилди.

Ошондой эле, курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы чечимдерди кабыл алууда коомчулуктун катышуусу маселелеринде мамлекеттик структуралар менен кызматташтыкты күчөтүүнүн зарылдыгы жөнүндө бир нече ойлор айтылды. Соттор үчүн  Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана экология жаатындагы улуттук мыйзамдуулукту колдонуу боюнча жүргүзүлгөн  иштер, башкача айтканда Орхус Конвенциясынын жоболорун  колдонуу темасында өткөрүлгөн тренингдер жөнүндө жакшы ойлор айтылды. Иш чаранын жүрүшүндө Орхус Конвенциясы тууралуу докладга   улуттук  координатор  белгилеген жаңы түзөтүүлөр тууралуу талкуулоо  жүргүзүлдү. Талкуунун жүрүшүндө КР ЧУА өзгөртүүлөрүнө байланыштуу, докладдын кээ бир пункттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ойлор айтылды.

 

20161118_150234

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *