Кыргызстанга Жашыл Климаттык Фонддон инвестицияларды тартуунун шарттары

2017-жылдын 24-ноябрында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги  жана  Кыргызстандагы  Бириккен Улуттар Уюмунун Азык түлүк жана айыл чарба уюмдары  (ФАО)  тарабынан   «Жашыл  Климаттык  Фонд (ЗКФ) менен иштөө  үчүн Кыргыз Республикасынын  потенциалды күчтөндүрүүдө жана   стратегиялык алкактарды иштеп чыгарууда колдоо көрсөтүү» темасында тегерек стол өткөрүлдү. Бул иш чаранын негизги милдети катышуучуларды Кыргызстандын Жашыл  Климаттык  Фонд  менен иштөөгө карата иш чаралар Планы менен  алдын ала тааныштыруу, ал эми негизги максаты  – Жашыл  Климаттык  Фонд  менен иштөөнү башкаруу  үчүн Кыргыз Республикасынын институционалдык  потенциалын күчтөндүрүү, анын ичинде өлкөнүн өнүгүү максаттарына жана  Жашыл  Климаттык  Фонддун инвестициялык критерияларына  жооп бере ала турган  потенциалды камтуу менен ар кандай денгээлдердеги  институционалдуу уюштурууларды, анын ичинде  потенциалдуу долбоорлордун/программалардын портфелин камтуу менен. ачык айрым инклюзивдүү стратегиялык алкактык иштердин түрлөрүн иштеп чыгаруу   жана ишке ашыруу.

Тегерек столдун ишине  министрликтердин жана   ведомстволордун, академиялык  чойрөнүн жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык институттардан өнөктөштөр катышышты. Тегерек столдун ишинин ачылышында куттуктоо  менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун  басары А.Рыспеков сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин атынан Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоо иш чараларын жүргүзүү боюнча инвестицияларды тартууда Жашыл  Климаттык  Фонд  менен кызматташтыкты жүргүзүүнүн маанисине токтолуп кетти, ошондой эле Жашыл  Климаттык  Фонддун  ресурстарына жетүү боюнча Кыргыз Республикасынын институционалдык потенциалын кенейтүүгө аракеттерди көрүүнүн керектигин баса белгиледи. Андан кийин ФАО Эл аралык консультанты П.Чинчера  «ЗКФ: төмөн көмүр тектүү жана  туруктуу климаттык өнүгүүнү инвестициялоо үчүн каражаттарды тартуу» темасына маалыматтык материалын презентациялады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин атынан Экологиялык стратегия жана саясат башкармалыгынын башчысы Д.Беккулова сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө  Кыргыз Республикасы менен Жашыл  Климаттык  Фонддун ортосунда    жүргүзүлгөн кызматташтык тууралуу маалымат берди жана иштелип жаткан долбоолор жана программалар жөнүндо баяндап кетти. Андан кийин эл аралык  өнөктөш – институттардын өкүлдөрү Жашыл  Климаттык  Фонд  менен кызматташтыкты жүргүзүүдөгү өздөрүнүн пландары жөнүндө айтып беришти жана айрым  маанилүү стратегиялык программаларга токтолуп кетишти.

Түштөн кийин иш чаранын катышуучулары жумушчу топтордо иштешти, Жашыл  Климаттык  Фонддун  ресурстарына жетүү боюнча Кыргыз Республикасынын даярдык көрүү Программасын аткаруу Планына сунуштарды иштеп чыгуу жана аны  жалпы талкулоого сунуштоо тапшырылган. Талкуулоонун жүрүшундө так жана анык болуучу сунуштар киргизилди, аталган сунуштар иш чаранын уюштуруучулары тарабынан кабыл алынды. Тегерек столдун ишинин аягында катышуучулар эстеликке сурөткө түшүштү.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *