Кызматташуу келишимине кол коюлду

2023-жылдын 28-мартында Бишкек шаарындагы Орхус Борборунун (ОБ) жетекчиси А.Нурбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин (САЖМ) директору Э.Т.Байтикова жана Кыргыз Республикасынын Судьялар ассоциациясынын аткаруучу директору Оморова М.О. менен жогулушту. Жолугушуунун жүрүшүндө ОБ менен САЖМ ортосунда Кызматташуу келишимине кол коюлуп, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлери үчүн маалыматтык жана окутуу тренингдерин өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

ОК менен САЖМдин кызматташтыгынын тарыхында келишимге экинчи жолу кол коюлган. Биринчиси 2016-жылы бир жыл иштеп, анын негизинде шаардык жана райондук соттордун кызматкерлери үчүн окуу өтүп, ага 120га чейин адам катышты.

Тренингдерди өткөрүү боюнча колдонмолорду иштеп чыгуу, график жана өткөрүү жерлери, катышуучулардын контингенти жана башкалар маселе боюнча талкуулар жүрдү.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *