Майлуу-Суу шаарында радиациялык коопсуздук боюнча тренинг болуп өттү

2017-жылдын 11-октябрында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисинин каржылоосу менен “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борбору тарабынан коомчулуктун өкүлдөрү үчүн радиациялык коопсуздук боюнча тренинг өткөрүлдү.

Тренингте Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын ар кайсы айылдарынан 23 адам катышты.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору тренингти баштап, катышуучуларга Орхус Борбору, Орхус Конвенциясынын Кыргыз Республикасында ишке ашырылышы,  “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу” долбоорунун алкагында аткарылып жаткан долбоорлор жөнүндө кеңири айтып берди жана маалыматты айыл округунун жашоочуларына таркатууда катышуучулардын ролу абдан маанилүү экендигин белгиледи.

Тренингти Улуттук Илимдер Академиясынын Түштүк Бөлүмүнүн Медициналык көйгөйлөр институтунун илимий кызматкери Ж. Мадыкова өттү. Ал өзүнүн модулдарында радиациялык фон, анын ченемдери, уран калдыктарынын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири, радиациялык калдыктардан сактануу, санитардык ченемдер жана уран калдыктарынын объектилериндеги эрежелер, радиациянын адамдын организмине тийгизген таасири, Медициналык көйгөйлөр институтунун ден-соолукту сактоо боюнча сунуштары, радиациялык коргонуу системалары жана Кыргызстандагы радиациялык коопсуздук жаатындагы мыйзамдык базалар жөнүндө катышуучулар менен талкуу жүргүздү.

Орхус Борборунун кызматкерлери Т. Жумабеков жана А. Мамасалиев катышуучуларды Шекафтар, Мин-Куш айылдарындагы жана Майлуу-Суу шаарындагы уран мурастарынын объектилери жана радиациялык коопсуздук маселеси боюнча коомчулуктун катышуусу жөнүндө тааныштырышып, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Шекафтар жана Нарын облусунун Жумгал районунун Мин-Куш айылдарындагы аяктап калган калыбына келтирүү жумуштарынын Техникалык-Экономикалык Негигиздөөлөрү жана Айлана-чөйрөгө таасир этүүнү баалоо иштери жөнүндө маалымат беришти.

Майлуу-Суу шаарындагы Коомдук экологиялык маалымат борборунун жетекчиси А. Мамасалиев борбордун ишмердүүлүгү жана пландары жөнүндө катышуучуларга маалымат берип,  Мэриянын алдындагы жумушчу комиссиянын аткарып жаткан иштери жөнүндө да кеңири токтолуп кетти.

Ал сөзүнүн аягында калдык сактоочу жайларды жана калдык дөбөлөрүн тейлөөдө кетирилген кемчилдиктер жумушчу комиссия тарабынан жүргүзүлгөн мониторинг мезгилинде аныкталып,  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттигинин Майлуу-Суу шарындагы өкүлүнө сунуш берилгендигин айтып берди.

Тренингтин аягында катышуучулар тарабынан суроолор берилип, аларга К. Исабаев жана Ж. Мадыковалар жооп беришти.

Ош шаарындагы Орхус борборунун  коомчулук менен иштөө адиси

Т. Жумабеков

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *