Майлуу-Суу шаарында өткөрүлгөн иш чаралар

09сентябрь, 2020 – жыл:

Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун кызматкерлери Майлуу-Суу Коомдук экологиялык маалымат борборунун жетекчиси менен биргеликте Майлуу-Суу шаарындагы 7 мектептин Мүдүрлөрү, Окуу бөлүмүнүн башчылары жана мугалим-ыктыярчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү.

Жолугушууда катышуучулар менен “Жашыл патрулдар” командаларынын Иш мерчемдери, аларды түзүү, аларга атайын каана бөлүп берүүнү, кааналарды жабдууну жана канцелярдык буюмдарга өтүнүч даярдоо маселелери талкууланды.

Иш чара жыйынтыгында мектеп мүдүрлөрү тарабынан “Жашыл патрулдар” командаларынын Иш мерчемдери бекитилди, алардын буйруктары менен командалар түзүлүп, аларга жооптуу мугалимдер бекитилди. Командаларга атайын кааналар бөлүнүп берилип, аларды жасалгалоого канцелярдык буюмдарга өтүнүч даярдалды.

10 – сентябрь, 2020 – жыл:

Ош шаарындагы Орхус борбору тарабынан Майлуу-Суу шаарындагы Жумушчу комиссиянын жаңы курамынын мүчөлөрү үчүн “Радиациялык коопсуздук жана коомдук катышуунун стратегиясы” тренинги уюштурулду. Тренингге Жумушчу комиссиянын 8 мүчөсү катышты.

Тренингде катышуучулар менен төмөндөгү маселелер каралды:

– уран мурастарынын объектилеринин келип чыгышы жана тарыхы;

–  уранды казып алуунун жана байытуунун негиздери;

– калдыктардын ар кандай түрлөрү жана уран мурастарынын башка инфраструктуралары;

– эмне үчүн уран мурастарынын объектилери жөнүндө сөз кылышыбыз керек;

– кызыктар тараптардын катышуусу.

Иш чара учурунда катышуучулар тараптан шаардагы калдык сактоочу жайлардын учурдагы абалы, Калдыктар менен иш алып баруу боюнча агенттиктин калыбына келтирүү жумуштары боюнча келечектеги иш мерчемдерине тиешелүү суроолор болду. Бул суроолорго Орхус борборунун директору К. Исабаев жана Жумушчу комиссиянын мүчөсү, агенттиктин Майлуу-Суу шаарындагы өкүлү К. Ташкенбаевдер кеңири жооп беришти. Алар Мин-Куш, Шекафтар айылдарындагы жүрүп жаткан калыбына келтирүү жумуштары жөнүндө да айтып кетишти.

Аягында Орхус борборунун директору  тренингге активдүү катышкандыктары үчүн  комиссиянын мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, жергиликтүү калктын арасында маалымат таркатуу иштерин кеңири жайылтууну алардан суранып кетти.

 

Кооомчулук менен иш алып баруучу адис,

 

Т. Жумабеков

 

 

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *