Майлуу-Суу шаарындагы жолугушуу

2018-жылдын 2-мартында Жалал-Абад шаарында Кыргыз республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Жаңгакчылык жана мөмөчүлүк институтунун дендрологиялык паркында Орхус борборунун кызматкерлери институттун кызматкерлерлери менен биргеликте 1100 даана көчөт даярдады. Алар: айлант – 500 даана, унаби – 200 даана жана свидина – 400 даана.

2018-жылдын 3- март күнү көчөттөр акт менен Майлуу-Суу шаарынын жашылдандыруу ишканасынын кызматкери М. Халиловко өткөрүлүп берилди жана Орхус борборунун кызматкерлери Майлуу-Суу шаарында өткөрүлгөн бир айлык жашылдандыруу иш-чарасына катышышты.

Ушул эле күнүМайлуу-Суу шаарынын мэриясында Орхус борбору тарабынан жыйынтыктарды жана иш пландарды талкуулоо боюнча жолугушуу уюштурулду. Жолугушууга Майлуу-Суу шаарынын 1-чи Вице-мэри З. Расулов, мэриянын аппарат жетекчиси Р. Султанбаев, Өзгөчө Кырдаалдар Министирлигинин Калдыктар менен иштөө агенттигинин бөлүм башчысы А. Козубаев, ушул агенттиктин Майлуу-Суу шаарындагы өкүлү К. Ташкенбаев, Орхус борборунун кызматкерлери К. Исабаев, Т. Жумабкеов жана Майлуу-Суу шаарындагы Коомдук экологиялык маалымат борборунун жетекчиси А. Мамасалиевдер катышышты.

Ош шаарындагы Орхус борборунун Директору К. Исабаев катышуучуларга “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу” долбоорунун алкагындагы аткарылып жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди. Алар Радиациялык коопсуздук боюнча, Мониторингди жана коомдук угууну өткөрүү боюнча тренингдер, Майлуу-Суу шаарында жана Мин-Куш, Шекафтар айылдарында орнотулган маалымат такталары, радиациялык коопсуздук боюнча анимациялык тасма жана колдонмо чыгарылган.

Жолугушууда ӨКМнин алдындагы Калдыктар менен иштөө агенттигинин бөлүм башчысы А. Козубаев Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктарынын объектилерин калыбына келтирүү боюнча эл аралык долбоорлор жөнүндө айтып берди. Ушул агенттиктин Майлуу-Суу шаарындагы өкүлү К. Ташкенбаев агенттик тарабынан объектилерди калбына келтирүү боюнча пландаштырылган иш-чаралар менен тааныштырды.

Майлуу-Суу шаарынын биринчи вице-мэри З. Расулов элдерди окутууда, маалымдуулукту жогорулатууда, мэриянын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуудагы Орхус борборунун маанилүү иш-аракетин айтып, иш-чара көпчүлүктү камтыш үчүн бул иштерди улантуу керектигин белгилеп кетти. Долбоорлорду аткарууда мэриянын Эл аралык уюмдар жана донорлор менен кызматташуусунун маанилүүлүгү да белгиленди.

Жогоруда айтылган иш-чараларОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисинин каржылоосу менен “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу” долбоорунун алкагында уюштурулду жана ишке  өткөрүлдү.

 

Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун коомчулук менен иштөө адиси,

Тургунбек Жумабеков

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *