Мамлекеттик инспекторлор үчүн тренинг

2019-жылдын 26-июнунда Баткен шаарында Экотехинспекциянын инспекторлору үчүн “Өндүрүштүк жана коомдук экологиялык мониторингди өткөрүү” деген темада  тренинг башталды. Бул тренингдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана Техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын бардык аймактык башкармаларынын инспекторлоруна өткөрүлөт.

Бул иш чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Экологиялык коопсуздук жана жаратылыш ресурстарын башкаруу” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус борбору жана Экотехинспекциясы менен биргеликте уютурулган.

Тренингге инспекциянын Баткен облусунун Сүлүктү, Баткен шаарлары, Баткен, Лейлек райондору жана Айдаркен кичи шаарчасы, Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай району боюнча аймактык башкармалыктарынын экологдору, жер, суу ресурстары, кен байлыктарды коргоо, тоо жумуштары жана өндүрүштүк көзөмөл боюнча инспекторлору катышышты. Бардыгы болуп 12 инспектор катышты.

Алдын, Орхус борборунун директору К. Исабаев ЕККУнун долбоору, Орхус борборунун ишмердүүлүгү боюнча кыскача айтып, тренерлерди катышуучуларга тааныштырды. Тренингди ЕККУнун Эл аралык консультанты А. Абдувалиев жана Улуттук консультанты Т. Неронова өткөрүштү.

Тренинг учурунда тренерлер катышуучулар менен биргеликте “Өндүрүштүк экологиялык мониторинг”, “Атмосфералык абаны коргоо”, “Суу ресурстарын коргоо”, “Таштандылар менен иш алып баруу жана жерди коргоо” жана “Коомдук экологиялык мониторинг” темаларын талкуулашты.

Тренинг суроо-жооп аркылуу өтүп, өндүрүштүк жана башка объектилерди текшерүүдө эмнеге көңүл буруу керек экендиги белгиленип жана катышуучулардан текшерүү учурунда кайсыл техникалык каражат зарыл болсо, ошолорго буюртма берүүсү керек экендиги айтылды.

Жана катышуучуларга ЕККУнун  каржылык жардамы менен чыгарылган Текшерүү жүргүзүүдө инспекторлор үчүн колдонмо, “Мергенчлик минимуму” жана ООНдун курчап турган чөйрө боюнча Программасынын курчап турган чөйрөнүн 2019-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналып чыгарылган маалымат баракчалары таркатылды.

Аягында К. Исабаев жана Экотехинспекциянын Сүлүктү, Баткен шаарлары жана Баткен, Лейлек райондору боюнча аймактык башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Маманасир уулу Алмазбек катышуучуларга активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдиришип, иштерине ийгилик каалашты. Инспекторлорго катышкандыктары үчүн сертификат берилди.

Иш чара жөнүндө маалымат “Баткен таңы” облустук гезитинде чагылдырылды.

 

Коомчулук менен иш алып баруучу адис,

Тургунбек Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *