Маралдарга байкоо жүргүзүү

2020-жылдын 08-декабрында Ош шаарындагы Орхус борбору Аксы районундагы Авлетим токой чарбасынын Авлетим токой бөлүмүнө Нарын мамлекеттик коругунан алынып келинген маралдарга байкоо жүргүздү.

2018-жылдын 24-июнунда “Жамаат Алаң-Тоо” Коомдук бирикмеси Леонардо Ди Каприо жана Силикон өрөөнү фондуларынын жардамы менен КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Курчап турган чөйрөну коргоо жана токой чарбасы агенттиги менен биргеликте Нарын мамлекеттик коругунан алынып келинген 9 (4 бугу, 5 марал) маралдар Авлетим токой чарбасынын табигый жаратылыш чөйрөсүнө кое берилди. Маралдарды КРнын аймагында жайылтуу боюнча биринчи болуп аткан иш чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жарандар жана коомдук уюмдар активдүү катышышты. Бул байкоо жүргүзүүгө “Жамаат Алаң-Тоо” Коомдук бирикмесинин төрагасы Н. Тургуналиев маралдарды реинтродукциялоо долбоорунун жетекчиси, айлана чөйрө боюнча эксперт  Г. Соронкулов жана Орхус борборунун жетекчиси К. Исабаев катышты. Иш чара Мечит-Сай, Уу-Төр, Шүдүгөр-Ата тилкелеринде жүргүзүлдү. Авлетим токой чарбасынын адиси  Д. Узеновдун жана коомдук бирикменин мүчөлөрүнүн айтымында 2019-2020-жылдары эки марал төлдөдү жана 2 марал Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунун аймагындагы Тоскоол-Ата көлүнүн айланасында байыр алып калгандыгы аныкталды. Байкоо жүргүзүү маалында маралдарды көргөнгө мүмкүнчүлүк болгон жок.

“Жамаат Алаң-Тоо” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү тарабынан алынып келинген маралдарга мүмкүнчүлүккө ылайык байкоо жүргүзүлүп турат. Аталган токой бөлүмүнүн адистери маралдарды коргоо жана аларга байкоо жүргүзүүнү аткарган жумуштарынын негизги багыты катары эсептешет.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *