Мин-Куштагы тренингдер

Тренингдер башталар алдында Мин-Куш айыл өкмөтүндө ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин,  ӨКМнин Калдыктар менен иш алып баруу агенттигинин, Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун жана Жергиликтүү өз алдында башкаруу органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда Мин-Куш айылындагы Росатом жана Евробиримдик уюмдары тарабынан аткарылып жаткан уран калдыктары объектилериндеги калыбына келтирүү жумуштары боюнча маселелер талкууланды. Жолгушууунун катышуучулары Мин-Куш айылындагы калыбына келтирүү жумуштары менен таанышышты.

Колдонмону талкуулоо

2020-жылдын 26-ноябрында Мин-Куш айылында Кошумча экологиялык билим берүү боюнча мугалимдер үчүн колдонмону талкуулоолор болуп өттү. Талкуулоого мектептерде уюштурулган “Жашыл патрульдар” командаларынын жетекчилери-ыктыярчылар катышышты.

Колдонмонун автору-түзүүчүсү, б.и.к., доцент Садыкова Ч. М. Сабактын түрлөрү, Интерактивдик усулдар, Дебаттар, Коомдук угуулар жөнүндө катышуучуларга түшүндүрмө берип, китептин 6 бөлүмү боюнча кыскача айтып берди. Андан кийин талкуулоолор, суроо-жооптор жана сунуштар болду. Жыйынтыгында катышуучулар тарабынан кошумча сабактардын катарына табигый илимдерди камтыган бардык предметтерди киргизүү сунушталды. Негизинен колдонмо бардык катышуучуларды канааттандырды

2020-жылдын 26-ноябрында Мин-Куш айылында “Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча калдыктар жайгашкан жерге жакын жашаган калктын маалымдуулугун жогорулатуу” тренинги болуп өттү.

Мында Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү, айыл тургундары, Өз алдынча башкаруу органдарынын, Жарандык коомдун жана жаштардын өкүлдөрү катышышты.

Тренингде тренер Бейшенкулова Р. А. катышуучулар менен төмөнкү маселелерди талкуулады:

  • Радиациянын адамдын ден-соолугуна тийгизген таасири жана алардын кесепеттери;
  • КРнын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыздоо;
  • Учурдагы абал менен таанышуу, Мин-Куш, Майлуу-Суу, Шекафтардагы уран калдыктарынын объектилерин калыбына келтирүү боюнча аткарылып жаткан долбоорлордун пайдалуу учурлары;
  • КР нын ӨКМнин “Радиациялык коопсуздукка, уран калдыктарынын объектилерине байланышкан калкты катыштыруу жана маалымдуулук боюнча 2021-2024-жылдарга Программа/иш аракет мерчеми” боюнча программаны иштеп чыгуу үчүн негизги багыттары;
  • Уран калдыктары жайгашкан жерлерге жакын жашаган калкты жана кызыктар тараптарды сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча кыскача жыйынтык.

Тренингде интерактивдик усулдар пайдаланылды жана суроо-жооптор менен коштолду.

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *