Нарын Орхус Борбору 2 тегерек стол өткөрдү

2023-жылга карата бекитилген иш планына ылайык, Нарын Орхус борбору тарабынан 26-27-апрель күндөрү Кочкор жана Жумгал райондорунда тегерек столдор өткөрүлдү. Бул тегерек столдор ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу жана райондук администрациялар менен биргеликте өткөрүлдү.

Алсак, 26-апрель күнү Кочкор шаарында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райадминистрациянын, райондук айыл өкмөттөрдүн, Жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин облустук башкармалыгынын өкүлдөрү, коомчулук жана облустун коруктарынын кызматкерлери катышты.

Ал эми эртеси күңү Жумгал районунун Чаек айылында тегерек стол болуп, ага райондун мамлекеттик администрациясынын, райондун борборуна жакын жайгашкан айыл өкмөттөрүнүн, коомчулуктун өкүлдөрү, экологиялык кызматтардын кызматкерлери катышты.

Тегерек столдордун жүрүшүндө Нарын Орхус Борборунун менеджери С.Карамуратов катышуучуларга Кыргызстандагы Орхус Борборлор тармагынын жүргүзүп жаткан иштери, облуста аткарылып жаткан жана пландаштырылган иш-чаралар жалпысынан региондо , экологиянын абалы жана экологиялык көйгөйлөр тууралуу маалымат берди.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы көйгөйлөр, аймактагы орун алган көйгөйлөр боюнча өз ой-пикирлерин айтышып, аларды чечүүнүн жолдорун издөөнү сунушташты жана экологиялык кызматтарга өз сын-пикирлерин билдирүү мүмкүнчүлүгүнө ыраазычылык билдиришти.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *