Орхус борборунда Экологиялык клуб түзүлдү

2019-жылдын 27-мартында Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун кеңсесинде Экологиялык клубдун болочок мүчөлөрүнүн 1-чи жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Ош технологиялык университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун жана Кыргыз-өзбек университетинин жаш мугалимдери жана студенттери катышышты.

Иш чара учурунда катышуучулар Орхус борборунун ишмердүүлүгү менен таанышышты. Алар үчүн Орхус конвенциясынын материалдары кеңири слайддар аркылуу берилди жана борбордун жаштар жана студенттерге багытталган 2019-жылга пландаштырылган иш чаралары менен таанышышты.

Катышуучулар өздөрүнүн сунуштарын берүү менен экологиялык клубдун 2019-жылга иш планын талкуулашты. Окуу жайлардын жооптуу өкүлдөрүнө клубдун мүчөлөрүнүн Орхус борборуна келүү графигин түзүү  сунушталды.

Жолугушуу соңунда катышуучулар экологиялык клуб түзүү демилгесин колдошуп, жыйынтыгында клуб түзүлдү.

Борбордун директору клубдун мүчөлөрүнө биргеликтеги иш чараларда ийгилик каалап, 2019-жылы борбор тарабынан өткөрүлө турган иш чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө алардын активдүү катышуусун суранды.

Катышуучуларга төмөндөгү колдонмолор таркатылды:

  1. “Защита окружающей среды. Все в ваших руках. Краткое руководство по Орхусской конвенции”. ЕЭК ООН.
  2. Кыргызстандын Орхус борборлору 2017-2018. ЕККУ.
  3. Орхус конвенциясы боюнча плакаттар.

Жолугушуу Ош шаарындагы Орхус маалымат  борбору тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Экологиялык коопсуздук жана жаратылыш ресурстарын башкаруу” долбоорунун алкагында ОшТУнун, ОшМУнун, КУУнун жана ОшГПнин биология, экология жана журналистика факультеттери менен кызматташтыкта өкөрүлдү.

Специалист по работе с общественностью,

Тургунбек Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *