«Орхус конвенциясын ишке ашырууда экоклубдардын ролу» деген темада семинар өткөрүү.

16.11.2022 Нарын шаарындагы В.П. Чкалов атындагы №2 мектеп-гимназиясында., ЕККУнун каржылык колдоосу менен «Орхус конвенциясын ишке ашырууда экоклубдардын ролу» деген темада семинар болуп өттү. Семинарга аталган мектептин эко-клубунун мүчөлөрү, тынчтык клубунун мүчөлөрү, мектептин директору Р.М.Осмоновдун, башкы мугалим И.Л.Вологин жана экология жана география мугалимдери катышты. Жалпысынан 26 катышуучу болду. Семинардын коноктору биздин туруктуу өнөктөштөр – Нарын мамлекеттик коругунун өкүлдөрү болуп, парктын ишмердүүлүгү боюнча өз презентацияларын көрсөтүштү. Семинардын ачылышында Орхус борборунун менеджери Калмуратов С.К. анын уюмунун ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди. Экоклубдун мүчөлөрү клуб жана алардын ишмердүүлүгү тууралуу презентация даярдап, тартуулашты. Семинардын жүрүшүндө экоклубдун мүчөлөрү өздөрүнүн суроолорун берип, ой-пикирлерин айтышып, экологияга болгон камкордугу абдан байкалды. Ошондой эле алар менен биргеликте ишембиликтер, эко-акциялар, таштандыларды сорттоо жана айлана-чөйрөнү коргоо темасында дебат оюндарын жайылтуу сыяктуу иш-чараларды өткөрүүнү сунушташты. Соңунда мугалимдер ыраазычылык билдирип, биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти. Семинардын катышуучуларына логотип түшүрүлгөн футболкалар жана кепкалар берилди.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *