«Орхус конвенциясын ишке ашырууда жаштардын ролу» Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенттерине деген темада семинар өттүү

2022-жылдын 10-ноябрында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен Нарын Орхус Борбору НМУнун агрардык-техникалык факультетинин студенттери жана окутуучулары үчүн “Жаштардын Орхус конвенциясы». Жалпысынан 26 адам катышты.

Семинардын жүрүшүндө Нарын Орхус борборунун ишмердүүлүгү, Борбордук Азия университетинин Тоо коомдорун изилдөө институтунун бөлүмү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле, Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун илимий кызматкери Ж.Кырбашев НМУдун студенттери менен ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча презентация жасап, студенттер менен жана келечекте Орхус борбору менен иштөөнүн келечеги жана пландары тууралуу кеңири маалымат берди.

Андан соң Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун өкүлү коруктун ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасады. Семинардын катышуучулары абдан кызыктуу жана мазмундуу болушту. Бул уюмдарда стажировкадан өтүп, иш-чараларга катыша алабы деген сыяктуу кызыктырган суроолорун беришти. НМУ менен Орхус Борбору биргелешкен бир нече иш-чаралары да пландаштырылган. Студенттердин экология маселесине болгон кызыгуусун эске алып, Орхус борборунун менеджери С.Калмуратов университеттин базасында эко-клубду түзүүнү сунуштады.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *