«Орхус Конвенциясын колдонуу–курчап турган чөйрөнү натыйжалуу башкаруу жана адамдын экологиялык укугун коргоо болуп саналат» темасында тегерек стол

2017-жылдын  13-мартында Н.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук  агрардык университетинин «Жаратылышты пайдаланууну башкаруу» факультетинин алдындагы суу боюнча музейинде «Орхус  Конвенциясын  колдонуу–курчап турган чөйрөнү натыйжалуу башкаруу жана  адамдын экологиялык укугун коргоо болуп саналат» темасында тегерек стол өткөрүлдү.

Аталган тегерек столдун  уюштуруучулары Н.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук  агрардык университети, «Кыргызстандын суу өнөктөштүгү» Коомдук бирикмеси (НВП)», Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттигинин жана  Бишкектеги  ЕККУ Борборунун  колдоосу алдындагы Бишкек шаарындагы Орхус Борбору болду.

Тегерек столдун негизги максаты   аталган Н.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук  агрардык университетинин студенттерине жана профессордук-окутуучулар  түзүмүнө, коомдук бирикмелерге жана экологиялык кызматтарга   Орхус  Конвенциясынын алкагындагы  курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө айтып берүү болду.

Куттуктоо сөзү менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-секретары Эркебаев А.Т. жана   Н.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук  агрардык университетинин факультетинин деканы  Самыкбаев А.К. чыгып сүйлөштү.

Алар өз сөзүндө атаган иш чаранын маанилүүлүгүн баса белгилешти, курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы өз мамлекеттик мекемелеринин жүргүзүп жатка н иш аракеттери тууралуу кыскача айтып беришти жана жаштар арасында экологиялык билим деңгээлин жогорулатуу маселелеринде жемиштүү кызматташтыкты белгилей кетишти.

Андан кийин тегерек столдун катышуучуларына Орхус Борборунун жетекчиси А.Нурбеков тарабынан «Кыргыз Республикасындагы Орхус Конвенциясын ишке ашыруу алкагында Орхус Борборлорунун иш аракети жөнүндө кыскача  маалымат» темасында презентациясы сунушталды.

«Кыргызстандын суу өнөктөштүгү» Коомдук бирикмесинин менеджери А. Жайлообаев  «Кыргызстандын суу өнөктөштүгү» Коомдук бирикмесинин  иш аракети жөнүндө» айтып берди, Кыргызстандагы РЭЦ ЦА филиалынын жетекчиси Сейткасымов М. өз уюмунун жүргүзгөн иши тууралуу баяндап берди, Кыргызстандагы токой пайдалануучулар жана жер пайдалануучулар  Ассоциациясынын генералдык директору А.Бурханов өздөрүнүн иши тууралуу ойлорун ортого салды, ошондой эле, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук  университетинин  студенттери  Атабаева Э. жана Рыспекова А. жана   Н.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук  агрардык университетинин  студенти Искаков Э.  курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча  рефераттык ишин  баяндап берди.

Тегерек столдун иши бүткөндөн кийин суу музейи боюнча экскурсия өтүү уюштурулду, аталган музей бүгүнкү күндө Кыргызстандагы суу байлыгына арналган жападан жалгыз музей болуп саналат.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *