Ош мамлекеттик университетинин(ОшМУ) Табият таануу жана география факультетинин Дендрологиялык паркында ишембилик өткөрүлдү

2022 – жылдын 13- апрелинде ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин Дендрологиялык паркында “Бүткүл дүйнөлүк жер күнүнө”,   “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн алдыга жылдыруу максатында Кыргыз Республикасындагы  “Тоо экосистемаларын коргоо, климаттын туруктуулугу жылына”,“Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылына”  карата ишембилик өткөрүлдү.

Бул иш-чараны Ош шаарындагы Орхус Борбору “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети жана КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин(ЖРЭТКМ) Ош регионалдык башкармалыгы менен биргеликте уюштуруп, Ноокат районундагы “Эко Тартип” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, ОшМУ,  Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин (КӨЭУ), Ош технологиялык университетинин, А. Мырсабекова атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык университетинин мугалимдери жана студенттери, региондордон келген экоактивисттер болуп жалпысынан 72 киши катышты.

Ишембиликтин ачылышында Орхус Борборунун мүдүрү Исабаев К., КР   ЖРЭТКМ Ош регионалдык башкармалыгынын башчысынын орун басары Казаков Н., Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Жусупбеков Ж., ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин деканы ,профессор А.Низамиев, КӨЭУ профессору Ж.Самиева,“Эко Юг” коомдук фондунун төрагасы, Дендрологялык парктын негиздөөчүлөрүнүн бири Абдыкааров А. жана Ноокат токой чарбасынын Кыргыз-Ата токой бөлүмүнүн башчысы Тотонов А. сөз сүйлөшүп, жашыл аянттарды көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн жана айлана чөйрөнү таза сактоону белгилешти. Быйылкы жылы КР Президенти тарабынан демилгеленген “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн алдыга жылдыруу, Кыргыз Республикасындагы  “Тоо экосистемаларын коргоо, климаттын туруктуулугу жылы”,“Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы” жана “Бүткүл дүйнөлүк жер күнү” боюнча кеңири маалыматтар жеткирилип, уюштурулуп жаткан ар кандай иш-чараларга ар бир жаранды активдүү катышууга үндөштү.

Дендрологиялык паркка “Эко Тартип” коомдук бирикмеси алып келген 71 түп ак кайын көчөттөр отургузулуп, парктын аймагы тазаланды. Жалпысынан  таштанды чогултулуп полигонго жөнөтүлдү. Ишембиликтин катышуучулары ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин деканынан жана мугалимдеринен эгилген көчөттөрдү, аталган паркты сактап калууну жана студенттердин практикалык-сабактарында пайдаланууну өтүнүштү.

Ишембилик ОшТВ телерадиокомпаниясынын журналисттери тарабынан тартылып коомчулукка чагылдырылды.

Соңунда Исабаев К. катышуучуларга ыраазычылык билдирип, экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда жана айлана чөйрөнү коргоодо Орхус Борбору кызматташууга даяр экенин билдирди.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси Матисаев А

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *