Ош облусунун токойчулары үчүн тренинг уюштурулду

2018-жылдын 06 – июнунда ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен “Ош Нуру” мейманканасынын № 3-чү жыйындар залында Ош облусунун токой коргоо жана сактоо боюнча инженерлери үчүн “Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча тиешелүү иш кагаздарын толтуруу” тренинги болуп өттү жана ага 25 кызматкер катышты.

Тренигти Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун директору К. Исабаев ачты жана ачылышта ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин Улуу программалык ассистенти М. Осмонов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Ош Аймактык Башкармалыгынын башкы адиси К. Абдисатаровтор сөз сүйлөштү:

К. Исабаев борбордун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип, 2018-жылга Ош облусу боюнча пландаштырылган иш чараларды катышуучуларга айтып, кызматташкандыгы жана бул иш чараны уюштурууга көмөктөшкөндүгү үчүн Башкармалыктын  жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

М. Осмонов катышуучуларга ОБСЕнин ишмердүүлүгү, курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо жаатында уюмдун жүргүзгөн саясаты жөнүндө кыскача айтып, тренингке келип катышып жаткандыктары үчүн токойчуларга ыраазычылык билдирди.

К. Абдисатаров тренингти уюштурууга көмөктөшкөндүгү үчүн ОБСЕге жана Орхус борборуна ыраазычылык билдирип, бул иш чаранын маанилүүлүгүн, өз убагында өткөрүлүп жаткандыгын белгилеп, борбордун ишине ийгилик каалады.

Тренингти тренер М. Кошназаров өтүп, ага Башкармалыктын тиешелүү адистери К. Абдисатаров, Т. Тезекбаев, М. Чабаров, К. Балтабаев жана Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ош өкулчүлүгүнүн Ноокат районундагы егери Х. Мурзаевтер жардам беришти.

Тренингте төмөндөгү маселелер каралды жана талкууланды:

– Жаратылышты коргоо мыйзамдары бузулган учурда актыларды, протоколдорду туура толтуруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-сентябрындаг №668-чи “Жер кыртышын бузууда кетирилген чыгым үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө” Токтомун талкуулоо;

– Кыргыз Республикасынын токойлорундагы өрт коопсуздугунун эрежелери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-июнундагы №371-чи “Кыргыз Республикасынын токойлорундагы өрт коопсуздугунун эрежелери” Токтомунун көрсөтмөлөрүн талкуулоо;

– Кошумча текшерүүнүн эрежелери;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы, 2017-жылдын 18-августундагы №224, №501-чи “Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө” Токтомун талкуулоо;

– Мергенчилик эрежелери бузулган учурда актыларды, протоколдорду туура толтуруу, токой фондунун аймагына таштанды таштоого тыюу салуу.

Тренингте жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы талкууланып, катышуучулар мыйзамдардагы акыркы өзгөрүүлөр менен таанышышты. Инженерлер өздөрү практикалык түрдө учураткан жаратылышты коргоо мыйзамдарынын бузулушу фактылары жана аларга түзүлгөн документтер жөнүндө ой бөлүштү.

Талкуу учурунда катышуучулардан төмөндөгү сунуштар түштү:

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-июнундагы №371-чи “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой коргоо жөнүндө жобосун жана Кыргыз Республикасынын токойлорундагы өрт коопсуздугу боюнча эрежелери” Токтомунда токой коргоо инженерлеринин ыйгарым укуктары чектелип калган;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 03-майындагы №224-чү “Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө” Токтомунун орусча менен кыргызча вариантында таксанын өлчөмүндө айырмачылык кездешет;
  • Токой чарбаларга жакын калктуу пункттарда окуучулар жана жашоочулар үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча тренингтерди уюштуруу;
  • Алдыңкы токой чарбалардагы токойлорду коргоо боюнча ийгиликтүү тажрыйбаларды таркатуу боюнча иш чараларды уютуруу (кардондорду, музейлерди көрсөтүү);
  • Токойлорду коргоо боюнча укуктук ченемдик актыларды экспертизалоо;
  • Жапайы жаныбарларды атууга мезгилдүү уруксаттарды токтотуу;
  • Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүндөгү ооруулар менен күрөшүү жана аларды алдын алуу боюнча Ош облусунда атайын станция жок.

Аягында Орхус Борборунун директору К. Исабаев курчап турган чөйрөнү коргоодо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоодо токой чарбалары, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, коруктар менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.  Биргеликте иш алып баруу боюнча сунуштарды берүүгө чакырды. Тренингке активдүү катышкандыктары жана токойлорду сактоодо баалуу тажрыйбалары менен бөлүшкөндүктөрү үчүн  катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Катышуучуларга төмөндөгү таркатма материалдар таркатылды:

  1. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ченемдик укуктук актылардын топтому. 1- Том. Кодекстер жана Мыйзамдар. Бишкек – 2016.
  2. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ченемдик укуктук актылардын топтому. II-Том. «Мыйзам актылары, окуу-усулдук документтер», I-бөлүм, Бишкек – 2016.
  3. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ченемдик укуктук актылардын топтому. II-Том. «Мыйзам актылары, окуу-усулдук документтер», II-бөлүм, Бишкек – 2016.
  4. Административдик жоопкерчилик боюнча Кыргыз Республикасынын Кодекси (2017-жылдын 2-августуна карата өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен);
  5. Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодекси;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №97-чи “Кыргыз Республикасынын токойлорунда жыгачтарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн Эрежеси” Токтому;
  7. Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 16-июлундагы №113-чү “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамы;
  8. Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-июлундагы №140-чы “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамы;
  9. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 3-майындагы №18-чи “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” мыйзамы;
  10. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  11. Кыргыз Республикасынын Токой кодекси;
  12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-сентябрындаг №668-чи “Жер кыртышын бузууда кетирилген чыгым үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө” Токтому;
  13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-июнундагы №371-чи “Кыргыз Республикасынын токойлорундагы өрт коопсуздугунун эрежелери” Токтому;
  14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы №810-чу “Кен казып алууга жер участкасын ажыратуу маселеси жөнүндө”Токтому;
  15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192-чи “Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө” Токтому.

Бул тренинг ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен ишке ашып жаткан “Кыргызстанда экологиялык коосуздукка жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус Маалымат Борбору тарабынан жана Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин Ош аймактык Башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлдү.

 

Орхус маалымат борборунун Коомчулук менен иш алып баруучу адиси:

Т. Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *