Ош шаарында абанын сапатын ченеген сенсорлор ишке киргизилди.

«MoveGreen (МувГрин)» коомдук экологиялык уюму Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология агенттиги менен биргеликте Ош шаарынын үч жерине сенсор орнотту. Маалыматтар http://movegreen.kg/map/ , https://airkaz.org/bishkek.php сайттарында, ошондой эле абанын сапатын көзөмөлдөөчү эл аралык сайттарына жайгаштырылат. Ал эми 2021-жылдын февраль айынан баштап абанын сапаты боюнча AQ.kg жаңы мобилдик тиркемесинде маалыматтар жеткиликтүү болот. Жалпысынан, АКШнын Мамлекеттик департаментинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Борбор Азиядагы абанын сапатын башкаруу боюнча потенциалды күчөтүү” долбоорунун алкагында, үч жылдын ичинде өлкө боюнча 24төн ашык сенсор орнотуу пландаштырылууда, анын ичинен 7 сенсор 2021-жылдын күзүндө орнотулмакчы.

Сенсорлор абадагы адам денесине дем алганда оңой кире турган жана адамдын ден-соолугуна терс таасирин тийгизген майда бөлүкчөлөрдү (PM2.5 жана PM10) өлчөйт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын ооруларынан каза болгондордун 3%ы жана өпкө рагынан каза болгондордун 5%ы PM2.5 бөлүкчөлөрү менен байланышкан. Дүйнө жүзү боюнча 4,2 миллион эрте өлүм абанын булганышына байланыштуу, негизинен жүрөк оорусу, инсульт, өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорулары, өпкөнүн рак оорусу жана балдардагы курч респиратордук инфекциялары түрөт.

«MoveGreen (МувГрин)» коомдук уюмунун сенсорлору Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору тарабынан күбөлөндүрүлүп, ошондой эле жыл сайын текшерүүдөн өтүп турат.

Ош шаарындагы үч мекеме менен кызматташуу боюнча тузулгон келишимдин негизинде ,18-январда саат 17.00дө Ош ш., М. Аматов көч.25 (Ломоносов көч.  25) дареги боюнча жайгашкан “Эко Хаус” конок үйүнө сенсор орнотулду.

19-январда саат 10.00до Ош ш., Курманжан Датка, көч. 224 а дарегинде жайгашкан Орхус Борборуна сенсор орнотулду.

19-январда саат 14.00-16.00 Курманжан Датка көч. 271 дареги боюнча жайгашкан облустук китепканада сенсор орнотулду.

Эске салсак, MoveGreen (МувГрин) коомдук экологиялык уюму 2017-жылдан бери Бишкектеги абанын сапатына көз карандысыз жарандык мониторинг жүргүзүп келет. Жакында карантин учурунда алар борбор калаанын абасынын булгануу булактарына изилдөө жүргүзүп, жыйынтыгында уюмдун адистери Бишкектеги түтүндүн негизги булагы деп мешти көмүр менен жылытуу экендигин аныкташты. Ошондой эле, ушул долбоордун алкагында уюмдун Facebook жана Instagram баракчаларында билим берүү жана маалымат өнөктүгү жүргүзүлүп жатат, жакында Бишкектеги түтүндүн негизги көйгөйлөрүнүн бири – туура эмес башкаруу жана жарандардын көйгөйгө кайдыгерлиги чагылдырылган комикс иштелип чыкты. Учурдагы кырдаал, көйгөйдү чечүү жолдору жана ден-соолукту коргоо боюнча кеңештер жөнүндө кабардар болуп туруу үчүн биздин каналдарга жазылыңыз. 2021-жылдын февраль айынын башында биздин баракчаларда AQ.kg тиркемеси жөнүндө видео жайгаштырылат.

Ош шаарындагы абанын сапаты менен тѳмѳнкү шилтемелер аркылуу таанышсаныздар болот: airkaz.org/osh.php жана “Мувгрин” коомдук бирикмесинин сайты http://movegreen.kg/map.

“MoveGreen (MoveGreen)” коомдук уюмунун сенсор маалыматы боюнча адиси Адилет Бектуровдун байланыш номери 0704 160 288.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *