Ош шаарында ММКнын өкүлдөрү менен кызматташуу боюнча тегерек стол өткөрүлдү

2021- жылдын 21 апрелинде Орхус  Борборунун жыйындар залында Ош шаарындагы Массалык -маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен тегерек стол уюштурулду.Бул иш чара Орхус Борбору тарабынан “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү ”долбоорунун алкагында уюштурулду. Бул иш чарага Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети, КРӨ ЭТКМИнин адистери (МАМЭКОТЕХИНСПЕКЦИЯ), “Ош Садоси”, “Ош жанырыгы”, “Эхо Оша”, “Рек Парк” ,“ЭлТР” МТРК,             “Т-медиа”, жана “Ынтымак” КРТРКнын өкүлдөрү катышышты.

Тегерек столду Орхус борборунун директору К.Исабаев ачып, катышуучуларга   Орхус конвенциясынын негизги принциптери жана Борбордун 2020-жылы аткарылган иш-чаралары жана 2021-жылга иш пландары жөнүндө маалымат жеткирди.

Тегерек столдо төмөнкү катышуучулар сүйлөштү.

Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча  башкармалыгынын башчысынын орун басары Мамыраимов А.,А.Каракозуев. – «ЭлТР» мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу компаниясы, жаңылыктар бөлүмүнүн продюсери, Орхус Борборундагы консультативдик кеңештин мүчөсү,А.Ажибеков, – “Ынтымак” КРТРКнын программалык мүдүрү,Шакирова С.- «Ош садоси»газетасынын  башкы редактору,Полищук С.- “Эхо Оша” гезитинин башкы редактору, Н.Омурзакова- “Ош жанырыгы” гезитинин журналисти, Б.Ибраимов- “Рек Парк”гезитинин журналисти,И. Берхмаматов. – Ош шаардык Жаштар комитетинин төрагасы.

Катышуучулар ѳз сѳздѳрүндѳ коомчулуктун айлана чѳйрѳ боюнча маалымат менен камсыз болуу суроолорун жана кѳйгѳйлѳрүн талкуулашты.Журналистер ѳз каражаттарында чыгарылып келген экологиялык маалыматтар менен бѳлүшүштү.Экологиялык маалыматты таратууда чогуу иштѳѳнүн жана кызматташуунун жолдорун талкуулашты.Коомчулуккка экологиялык маалыматты таратууда,экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда жана Орхус Конвенциясынын принциптерин ишке ашырууда массалык маалымат каражаттарынын маанилүү ролун белгилеп кетишти.

Жолугушуунун соңунда Орхус борборунун директору катышуучуларга ыраазычылык билдирди. Бардык катышуучуларды  кызматташууга чакырды. Катышуучуларды Орхус Борборунун китепканасына менен тааныштырып, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарларындын, канатуулардын жана өсүмдүктөрдүн ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин тарабынан чыгарылган плакаттары таркатып берилди.

А.Зайырбеков.Орхус Борборунун адиси.

23.04.2021-ж.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *