Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын (ЖОЖ) командаларынын арасында « Орхус конвенциясы жана Кыргыз Республикасы ратификациялаган айлана-чөйрө багытындагы конвенциялар » темасында дебат ѳткѳрүлдү.

22-ноябрь 2023-жылы М. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде(ОшТУ) жаштардын айлана-чөйрө багытындагы конвенциялар тууралуу маалыматтуулугун жогорулатуу, араторлук чеберчилигин күчөтүү максатында студенттердин жана окуучулардын арасында дебат ѳткѳрүлдү. Бул иш-чара Орхус Борбору тарабынан “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында ОшТУ жана Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети менен биргеликте уюштурду. 

Дебатка ОшТУ 1-проректору, «Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин деканы, Б. Сыдыков атындагы КѲЭУнин, Ош мамлекеттик университетинин(ОшМУ), жана Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин(ОшМПУ) мугалимдери жана студенттери, №17 Ю. А. Гагарин атындагы орто мектебинин окуучулары болуп  жалпысынан 36 киши катышышты.  

Ош технологиялык университетинин профессору, “Экология жана айлана чөйрөнү коргоо” кафедрасынын доценти, хиямия илимдеринин кандидаты Джапарова Шакархон модераторлук кылып дебатты алып барды.

Студенттер «Орхус конвенциясы жана Кыргыз Республикасы  ратификациялаган   айлана-чөйрө багытындагы конвенциялар» тууралуу презентация, видео материалдарды, эмблемаларды жана сахналык көрүнүштөрдү даярдашып маалыматтары менен алмашышты.

Дебаттын соңунда калыстар тобу тѳмѳнкүдѳй жыйынтык чыгарышты: ОшМУнун командасы 1-орун, 2-орун ОМПУ, 3-орун Ю. А. Гагарин атындагы орто мектебинин командсы ээледи.

1-2-3-орунду ээлеген командаларга 5 миӊ сом акчалай сыйлык жана дипломдор тапшырылды. 5 командага теӊ Орхус Борборунун атайын даярдалган футболкалары, баалуу китептери тапшырылды. 

Ош шаарындагы Орхус борборунун адиси Матисаев А.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *