«ОшМУ – жашыл өнүгүү жолунда» факультеттер аралык студенттик иш-чара

2024-жылдын 29-мартында зоология, экология жана биоинженерия кафедрасы Ош шаарындагы Орхус борборунун көмөктөшүүсү менен ОшМУнун 85-жылдыгына карата «ОшМУ – жашыл өнүгүү жолунда» аталышындагы факультеттер аралык студенттик иш-чара өткөрдү. Бул иш-чарага табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар, медицина, теология жана кыргыз-кытай факультеттеринин студенттери катышты.

Иш-чаранын негизги максаты “жашыл экономика” дисциплинасы боюнча студенттердин алган билимдерин курчап турган чөйрөнү коргоо багытындагы ишмердүүлүккө багыттоо, жаштарды экологиялык маданияттуулукка тарбиялоого жана патриоттук сезимин жандандырууга үндөө аркылуу Ош мамлекеттик университетинин туруктуу өнүгүүсүнө жана жашыл университетке карай багыт алуусуна салым кошуу болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында студенттер тарабынан «Жашыл экономика Кыргызстанда» аталышындагы видеороликтери зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын социалдык баракчасына жайгаштырылып, жалпы коомчулуктун өзгөчө кызыгуусуна ээ болду. Алсак, 3 күндүн ичинде теология факультетинин студенттеринин видеоролиги – 38500, медицина факультетинин видеоролиги – 33400, табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин видеоролиги – 26400, кыргыз-кытай факультетинин видеоролиги 8 саат аралыгында 989 көрүүчүлөрдүн кызыгуусуна ээ болуп, ар бирине миӊдеген лайктар жана колдоо ирээтинде комментарийлер берилип, алардын сан күн сайын өсүүдө.

Ал эми, «Жашыл акциялар» аталышындагы студенттердин акцияларынын шаарыбыздын экологиялык абалын жакшыртууга багытталгандыгын теология факультетинин шаарды таштандылардан арылтуу боюнча иш-чараларынан, желим пакеттердин ордуна экологиялык таза көп жолу колдонулуучу баштыктарды сунуштоосунан, медицина факультетинин ОшМУнун 85 жылдыгына карата 85 көчөт тигүү ж.б. акцияларынан көрүүгө болот. Ошондой эле, табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин туризм багытынын студенттери тарабынан даярдалган студенттик челленджи өзгөчө кызыгууну жаратты.

«Кыргызстандын экологиялык көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдору» аталышындагы дебаттык таймашта студенттер өздөрүнүн тапкычтыгын, экологиялык билиминин тереӊдигин көрсөтө алышты.

Студенттик командалар зоология, экология жана биоинженерия кафедрасы тарабынан дипломдор жана кубоктор, ал эми Орхус борбору тарабынан футболкалар менен сыйланышты.

Бул иш-чара Ош мамлекеттик университетинин башка факультеттеринин арасында улантылмакчы.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *