Падыша-Ата мамлекеттик коругун коргоо, кызматташууну жакшыртуу максатында тегерек стол ѳткѳрүлдү

2022-жылдын 15–июнунда Жалал-Абад облусунун Аксы районун Кашка-Суу айыл өкмөтүндө Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коругун коргоону жакшыртуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коруктун адистеринин жана жергиликтүү тургундардын биргелешип иш алып баруусун камсыздоо, корукту иштетүүдө ар кандай түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу максатында тегерек стол ѳткѳрүлдү.

Бул иш-чараны Ош шаарындагы Орхус Борбору Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюумунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында уюштурду.

Тегерек столго ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлдөрү, Кербен шаарынын вице-мэри, жайыт комитети, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңешинин төрагасы,айыл өкмөтүнүн   жана коруктун адистери, Карабашат, Туюк-Жар, Чештөбө, Жаңы айыл, Ак-Дөбө, Курулуш айылдарынын башчылары болуп жалпысынан 26 киши катышышты.

Иш-чараны Орхус Борборунун мүдүрү К. Исабаев ачып, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы ,элчи А.А. Рогов жана Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Шекербек Камчыбек уулуна соз берди.

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы ,элчи А.А. Рогов  оз созундо  Падыша-Ата жана Сары Челек мамлекеттик жаратылыш коруктарынын  Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын жаратылышы учун  уникалдуу жана маанилуу аймак экендигин баса белгиледи.Быйылкы жылы  КР  Тоо экосистемаларын коргоо, климаттын туруктуулугу жана  Эл аралык тоолуу аймактарды онуктуруу  жылы жарыяланганын белгилеп отту.Уушул багытта респуликанын аймагында ра кандай иш-чаралар жогорку  денгеелде отуп жатаканын айтты.

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Шекербек Камчыбек уулу  корукту коргоодо айыл окмоту ,тургундар жана коруктун адистери чогуу коп иштерди акткарып жатканын белгиледи.Ошондой эле жайыттарды пайдалпнууда койгойлор бар экенин баса белгиледи.Жайыттарды иштетуудо жергиликтуу тургундар менен тушундуруу,окутуу иштерин жургузуунусунуштады.

Падыш-Ата мамлекеттик коругунун мүдүрү М. Артыкбаев коруктун ишмердүүлүгү боюнча жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен болгон кызматташууну  кенен айтып берди.

Орхус Борборунун адиси А. Матисаев катышуучуларга Орхус Борборунун ишмердүүлүгү боюнча жана КР “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, “Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу”, “Айлана-чөйрөнү коргоо” жөнүндө мыйзамдары боюнча кенири  презентация жасап, өзүн өзү башкаруу органдары, жергиликтүү тургундар жана коомдук бирикмелердин укуктары жана милдеттери тууралуу толук маалымат берди.

Андан соң тегерек столдун катышуучулары менен талкуу жүрүрүп  жайыт жерлерин пайдаланууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бекем сактоону, малдын санынан сапатына өтүүнү, ички жана сырткы туризмди өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо максатында Падыш-Ата мамлекеттик коругунда консультативдик кеңеш түзүү сунушталды.Тегерек столдун катышуучулары жайыт пайдалануучулар менен түшүндурүү иштерин жана жолугушууларды өткөрүп туруу маанилуу экендигин белгилешти.Жалпы билим берүү мекемелеринде маалыматтык,практикалык жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча ар кандай иш-чараларды,акцияларды өтөкрүп турууну сунушташты.

ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин окулдору жана катышуучулар Падыш-Ата мамлекеттик коругунун крулуп жаткан административдик кеңсеси менен жайында таанышып чыгышты.

ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси тарбынан чыгарылган КР курчап турган чѳйрѳнү коргоо багытындагы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнѳ тиешелүү укутук-ченемдик актылардын жыйнагы (Бишкек шаары 2020-ж.), КР Кызыл Китебине киргизилген  ѳсүмдүктѳрдүн, канатуулардын жана жаныбарладын үч түрдүү плакаттары катышуучуларга таратылды.

Тегерек столдун аягында борбордун мүдүрү К. Исабаев катышуучуларга ыраазычылык билдирип, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Орхус Борборунун адиси Матисаев А.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *