«Парижден Бишкекке чейин: Кыргызстан климаттык өнүгүү деңгээлинин жолунда» деп аталган жогорку деңгээлдеги конференция

20160928_113036

2016-жылдын 28-сентябрында Бишкек шаарындагы «Хаят» отелинде  «Парижден Бишкекке чейин: Кыргызстан климаттык өнүгүү деңгээлинин жолунда»  деп аталган жогорку деңгээлдеги  конференция өткөрүлдү.         Аталган конференциянын ишине           Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри М.Д.Абулгазиев,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, агрардык саясат,  суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча Комитетинин төрагасы Жумабеков Д.А.,   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Рустамов А.А., Финландиянын ТИМ саясат боюнча кеңешчиси  Юхани Тойвони,  Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун туруктуу өкүлү Аванесов А. жана башка расмий жактар, ошондой эле эл аралык институттардын , коомдук уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз экологдор жана Жалпы маалымат каражаттарынын  өкүлдөрү катышышты. Бардыгы болуп конференцияга  100 дөн ашык чакырылган адамдар катышышты.

img_20160929_101722

Аталган конференция  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Финландиянын ортосундагы климаттын өзгөрүүсү жана суу коопсуздугу маселелеринде кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган. Конференциянын жүрүшүндө чыгып сүйлөгөндөр белгилегендей,  климаттын өзгөрүү маселелери дүйнөдөгү, анын ичинде Кыргызстандагы жаратылыш ресурстарын өздөштүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга өз таасирин тийгизүүдө. Ал эми бул өз кезегинде, региондогу суу ресурстарын  жана суу коопсуздугун башкарууну пландоого таасир этет. Ошондуктан, ушундай маселелерди талкуулоо, климаттын өзгөрүү маселелери боюнча жалпы максаттардын биримдигин табуу, климаттын өзгөрүү шарттарына ыңгайлашуунун жолдоруна умтулуу  жана туура  түшүнүшүүгө жетүү-бул БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын 2015-Макулдашуусуна  ылайык келет.
img_20160929_102024

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *