“Планетаны таштандылардан арылдуу” акция Ысык-Көлдө өттү

19-сентябрь 2020-жылы Ысык-Көлдөгү Орхус борбору «Таза Ысык-Көл» коомдук фонду менен биргеликте Бүткүл Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата, Бостери айылынын пляжында тазалык акциясын өткөрдү. Акцияга фонддун дайверлери, «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун кызматкерлери катышты. Ысык-Көл району боюнча белгиленген ишембилик, аба-ырайынын начар болгондугуна байланыштуу өткөрүлгөн жок.

Жаан жаап, аба-ырайы суук болгондугуна карабастан «Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун дайверлери көлдүн түбүнөн 500 кг жакын ар кандай таштандыларды алып чыгышты. Таштандылар «Бостери Тазалык» муниципалдык ишканасынын техникасы менен санитардык-техникалык полигонго алынып кетти.

Акция өткөрүү тууралуу эскертилгендигине карабастан, Бостери айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин акцияга катышпагандыгы өкүнүчтүү. Ушундай кайдыгер мамиледен улам аталган пляждагы абал өтө начар экендигине күбө болдук. Пляждагы соода-сатык түйүндөрүн, кафе, ашканаларды иштеткен ижарачылар жайкы эс алуу сезону аяктагандан кийин таштандыларды ар кайсы жерге таштап кете беришкен.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *