Радиациялык коопсуздук жана коомдук катышуунун стратегиясы” тренинги

2018-жылдын 24, 26 – январында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жана Чаткал районунун Шекафтар айылында ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисинин каржылоосу менен “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус маалымат борбору тарабынан жаңы түзүлгөн жумушчу комиссиялардын мүчөлөрү үчүн “Радиациялык коопсуздук жана коомдук катышуунун стратегиясы” тренинги өткөрүлдү.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун директору тренингди баштап, катышуучуларга Орхус Борбору, Орхус Конвенциясынын Кыргыз Республикасында ишке ашырылышы,  “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды катыштыруу” долбоорунун алкагында аткарылып жаткан долбоорлор жөнүндө кеңири айтып берди жана маалыматты жашоочуларга таркатууда жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнүн ролу абдан маанилүү экендигин белгиледи.

Тренингди Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун, Майлуу-Суу шаарындагы жана Шекафтар айылындагы Коомдук экологиялык маалымат борборлорунун кызматкерлери өтүштү.

В сессиях тренинга участникам были представлены и с ними обсуждены вопросы происхождение и истории объектов уранового наследия, основные понятия добычи и обработки урановых руд, различные виды урановых отходов, радиационные риски  и угрозы, дозы радиации, воздействие урановых отходов на окружающую среду, принципы безопасного обращения с радиоактивными отходами, санитарные нормы и правила поведения вблизи объектов уранового наследия, воздействие радиации на организм человека, системы радиационной защиты и законодательная база КР в области радиационной безопасности, способы рекультивации, роли и обязанности ключевых заинтересованных сторон и методы и процедура вовлечения общественности в процесс ОВОС.

 

Тренингдин модулдарында радиациялык фон, анын ченемдери, уран калдыктарынын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири, радиациялык калдыктардан сактануу, санитардык ченемдер жана уран калдыктарынын объектилериндеги эрежелер, радиациянын адамдын организмине тийгизген таасири, радиациялык коргонуу системалары жана Кыргызстандагы радиациялык коопсуздук жаатындагы мыйзамдык базалар, калыбына келтирүү жумуштары, маанилүү кызыктар тараптардын ролу жана милдеттери, Айлана чөйрөгө таасир этүүнү баалоо процессине коомчулукту катыштыруунун усулдары жөнүндө катышуучулар менен талкуу жүргүзүлдү.

Тренингдин аягында катышуучулар тарабынан суроолор берилип, аларга Ош шаарындагы Орхус маалымат борборунун директору К. Исабаев жооп берди.

Тренингде катышуучуларга төмөндөгү таркатма материалдар таркатылды:

  1. “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы.
  2. “Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы.
  3. Тоо кен калдыктарына жакын жайгашкан аймактарда өзүн алып жүрүү эрежелери жөнүндө колдонмо.
  4. “Радиациялык коопсуздук. Бул маалыматты ар бир адам билүүгө милдеттүү” колдонмосу.

Ош шаарындагы Орхус борборунун  коомчулук менен иштөө адиси

Т. Жумабеков

 

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *