Сыйлыктарды тапшыруу

2017- жылдын апрель айында ОБСЕнин Программалык кеңсесинин каржылык жардамы менен “Борбордук Азияда уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды тартуу” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус  борбору тарабынан жат жазуу жана сүрөт тартуу боюнча Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын жана Чаткал районунун Шекафтар айылынын, Нарын облусунун Жумгал районунун Мин-Куш айылынын окуучуларынын жана студенттеринин арасында “Радиациялык коопсуздук жана курчап турган чөйрө” деген темада конкурс жарыяланган.

2017-жылдын 30-октябрында конкурс боюнча катышуучулардан эмгектер топтолуп, комиссия төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарды:

Мин-Куш айылынан сүрөт конкурсунан келип түшкөн эмгектер боюнча комиссиянын чечими:

Ээлеген орду Фамилиясы, аты Дареги
1 1-орун Жамалбекова Айзура Н. К. Крупская атындагы мектебинин 3-а классынын окуучусу
2 2-орун Жолдошбеков Бекжан Н. К. Крупская атындагы мектебинин 3- классынын окуучусу
3 3-орун Шабданбекова Ширин Н. К. Крупская атындагы мектебинин 5-а классынын окуучусу

 

2018-жылдын 25- майында Мин-Куш айылында конкурстун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасы болуп өттү. Сыйлыктарды Ош шаарындагы Орхус борборунун алдындагы Мин-Куш Коомдук Экологиялык Маалымат Борборунун жетекчиси А. Нарынбаев тапшырды.

Тапшыруу учурунда А. Нарынбаев конкурстун бардык катышуучуларына конкурска активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билирип, радиациялык коопсуздук боюнча окуулардын, коомчулукту маалымдоонун маанилүүлүгүн жана  алган билимди окуучулардын жана жашоочулардын арасында таркатууда окуучулардын, ролунун маанилүүлүгүн айтып берди.

Жана Майлуу-Суу шаарындагы, Мин-Куш жана Шекафтар айылдарындагы Орхус маалымат борбору тарабынан ачылган Коомдук экологиялык маалымат борборлору жөнүндө окуучуларга, мугалимдерге жана жашоочуларга маалымат берди.

Орхус маалымат борборунун Коомчулук менен иш алып баруу адиси,

Тургунбек Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *