Сыйлыктарды тапшыруу

2017- жылдын апрель айында ОБСЕнин Программалык кеңсесинин каржылык жардамы менен “Борбордук Азияда уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды тартуу” долбоорунун алкагында Ош шаарындагы Орхус  борбору тарабынан жат жазуу жана сүрөт тартуу боюнча Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын жана Шекафтар айылынын, Нарын облусунуну Мин-Куш айылынын окуучуларынын жана студенттеринин арасында “Радиациялык коопсуздук жана курчап турган чөйрө” деген темада конкурс жарыяланган.

2017-жылдын 30-октябрында конкурс боюнча катышуучулардан эмгектер топтолуп, комиссия төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарды:

Шекафтар айылынан сурөт конкурсунан келип түшкөн эмгектер боюнча комиссиянын чечими:

Ээлеген орду Фамилиясы, аты Дареги
1 1- орун Элмурат уулу Самат В. И. Ленин атындагы Жатак мектебинин 9-классынын окуучусу
2 2 -орун Курбаналы уулу Султан В. И. Ленин атындагы Жатак мектебинин 8-классынын окуучусу
3 3 -орун Мураталы уулу Нурсалы Ленин атындагы Жатак мектебинин 9-классынын окуучусу

Шекафтар айылынан жат жазуу конкурсунан келип түшкөн эмгектер боюнча комиссиянын чечими:

Ээлеген орду Фамилиясы, аты Дареги
1 1- орун Турапова Айзирек В. И. Ленин атындагы Жатак мектебинин 11-классынын окуучусу
2 2 -орун Машрапбаева Лола В. И. Ленин атындагы Жатак мектебинин 11-классынын окуучусу
3      

Майлуу-Суу шаарынан сурөт конкурсунан келип түшкөн эмгектер боюнча комиссиянын чечими:

Ээлеген орду Фамилиясы, аты Дареги
1 1- орун Ахматалиева Айгерим №7-Орто мектебинин 1-классынын окуучусу
2 2 -орун Акрамов Аскат №7-Орто мектебинин 1-классынын окуучусу
3 3 -орун Райымкулова Айжан №7-Орто мектебинин 5-классынын окуучусу

Майлуу-Суу шаарынан жат жазуу конкурсунан келип түшкөн эмгектер боюнча комиссиянын чечими:

Заним. место Фамилия, имя Контактные данные
1 1 место Жаныбекова Зуура Студент гр. IЛД Майлуу – Суйского Медицинского колледжа
2 2 место Жалилова Нурила Студент гр. IЛД Майлуу – Суйского Медицинского колледжа
3 3 место Бактыбек кызы Апал Студент гр. 22 АСОИ и У Майлуу -Суйского колледжа

Мин-Куш айылынан сурөт конкурсунан келип түшкөн эмгектер боюнча комиссиянын чечими:

Ээлеген орду Фамилиясы, аты Дареги
1 1-орун Жамалбекова Айзура Н. К. Крупская атындагы мектебинин 3-а классынын окуучусу
2 2-орун Жолдошбеков Бекжан Н. К. Крупская атындагы мектебинин 3- классынын окуучусу
3 3-орун Шабданбекова Ширин Н. К. Крупская атындагы мектебинин 5-а классынын окуучусу

2018-жылдын 02-03- майында Майлуу-Суу шаарында жана Шекафтар айылында конкурстун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасы болуп өттү. Сыйлыктарды Ош шаарындагы Орхус борборунун директору К. Исабаев жана Майлуу-Суу шаарындагы жана Шекафтар айылындагы Коомдук экологиялык маалымат борборлорунун жетекчилери А. Мамасалиев жана Б. Ботобековдор тапшырышты.

Тапшыруу учурунда К. Исабаев радиациялык коопсуздук боюнча окуулардын, коомчулукту маалымдоонун маанилүүлүгүн жана  алган билимди окуучулардын жана жашоочурадын арасында таркатууда окуучулардын, студенттердин ролун айтып берди.

Жана Майлуу-Суу шаарындагы, Мин-Куш жана Шекафтар айылдарындагы Орхус маалымат борбору тарабынан ачылган Коомдук экологиялык маалымат борборлору жөнүндө окуучуларга маалымат берди.

Орхус маалымат борборунун Коомчулук менен иш алып баруу адиси,

Тургунбек Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *