Түптө тегерек стол өттү

25-май 2021-жылы ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда, Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн жыйындар залында Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган  «Аймактарда Орхус конвенциясынын принциптерин ишке ашыруу. Экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу. Коомчулук жана мамлекеттик органдар менен биргеликтеги иш-аракеттер»- деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү .

Тегерек столго Каракол шаары, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз  райондору боюнча   мамэкотехинспекциясынын аймактык  башкармалыгынын башкы инспектору-А.Букарова, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик   агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын  адиси-С.Садырбаев, Түп айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары –К.Курманалиев, айылдык кенештин депутаттары, коммуналдык кызматтын жетечилери, айылдын жаштар уюмунун мүчөлөрү катышты.

Тегерек столду Түп  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Курманалиев ачып, айылдагы экологиялык көйгөйлөргө, таштанды таштоочу жайдын абалына, браконьерлик маселесине, айыл өкмөт тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов катышуучуларга Орхус конвенциясынын принциптери, борбор тарабынан 2019-2020-жылдары аткарылган иштер тууралуу кенири маалыматтарды берип, суроолорго жооп берди.

Каракол шаары, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондору боюнча мамэкотехинспекциясынын аймактык башкармалыгынын башкы инспектору А.Букарова 2020-жылы башкармалык тарабынан аткарылган иштерге, бактарды мыйзамсыз кыюу, браконьерликтин алдын алуу боюнча Кудургу, Ой-Булак айылдарынын жашоочуларынын торлору алынгандыгын, башкармалык тарабынан мыйзам бузуу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан рейддик иш-чаралар тууралуу кенири маалыматтарды берди.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын адиси С.Садырбаев башкармалыктын ишине кыскача токтолуп, уруксаат берүү процедуралары тууралуу айтып берди.

Урбаева Шайыр- Түп айылдык кенешинин депутаты. Түп айылында браконьерлик аябай күчөп кетти. Балыктардын урук таштоо учурунда кармоого тыюу салуу керек. Браконьерликтин айып пулдарын 100 -150 мин сомго чейин көтөрбөсө, экотехинспекция тарабынан салынган 7000-8000 сом айып пулдарды эч кыйналбай төлөп коюшуп, иштерин улантып жатышат. Жаш муундарды тарбиялоо максатында мектептерде экологиялык саатарды киргизүү керек.

Куликеев Майрамбек-жалбырактарды өрттөгөндөн сырткары, малдын кыктарын көчөгө төгүп жатышат. Элдерге маалыматтарды көбүрөөк берип, иштерди алып барыш керек.

Талкуулоо учурунда Түп  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Курманалиев катышуучуларга Түп айылынын таштанды таштоочу жайы боюнча толук маалыматтарды берип, суроолорго жооп берди.

Тегерек столдун сонунда катышуучулар тарабынан, Кыргыз Республикасынын кодекстери, мыйзамдары боюнча тренингдерди өтүүнү суранышып, уюштуруучуларга ийгиликтерди каалашты.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *