Түпто тегерек стол өттү

29-сентябрь 2020-жылы Түп районунун Түп айыл өкмөтүндө Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган жыйын болуп өттү. Жыйынга Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Сатыбалдиев, Түп айыл өкмөтүнүн кызматкерлери катышты.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов жыйындын катышуучуларына Орхус конвенциясынын принциптери, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун 2018-2019-жылдардагы аткарган иштери тууралуу толук маалымат берип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан Түп айыл өкмөтүнүн аймагындагы негизги экологиялык көйгөйлөр айтылып, айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Курманалиев таштанды таштоочу жайдын документтерин мыйзамдаштыруудагы кыйынчылыктар менен бөлүшүп, экологиялык экспертизадан өткөрүү боюнча жардам керек болуп жаткандыгын белгилеп кетти.

Мындан сырткары таштандыларды сорттоп, кайра иштетүүчү кичи завод орнотом деген инвесторлор болсо атайын жер тилкесин бөлүп берүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Түп айылынын айылдык пляжында дагы тазалык боюнча көйгөйлөр бар экендигин айтышып, көлдүн түбүн тазалап берүү өтүнүчүн айтышты.

Жыйындын сонунда, катышуучулар Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун иштерине ийгиликтерди каалашып, 2021-жылы биргелешип аткарылуучу иштер боюнча маселелер талкууланды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *