Түштүкѳтѳгү жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында он-лайн форматта илимий практикалык конференция ѳткѳрүлдү.

2021-жылдын 19-ноябрында Түштүктѳгу  жогорку окуу жайлардын студенттерине он-лайн форматта “Ош шаарында жана областардын  экологиялык кѳгѳйлѳрү. Жаштардын айлана чѳйрѳнү коргоо иштерине катышуусу боюнча маалымат алмашуусу жана практикалык иш-чараларга үндѳѳ.” темаларында илимий-практикалык конференция Орхус Борбору тарабынан “Жашыл экономикага жана айлана чөйрөнү башкарууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Бул иш-чарага Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин(КѲЭУ), Ош мамлекеттик университетинин, Ош Гуманитардык-Педагогикалык Университетинин, Баткен Мамлекеттик Университетинин , Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  жана Жалал-Абад эл аралык университетинин мугалимдери жана студенттери, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин ѳкүлдѳрү болуп жалпысынан 44 киши катышышты.

Б. Сыдыков атындагы КѲЭУнин профессору, биология илимдеринин доктору, Самиева Ж. жана доцент, география илимдеринин кандидаты Камилова Л., Орхус Борборунун мүдүрү Исабаев К., ОшМУнин магистратура бѳлүмүнүн башчысы Молдалиев Ж. конференциянын салтанаттуу ачылуу аземинде сѳз сүйлѳшүп республикадагы, дүйнө жүзүндөгү экологиялык абалды баалашып, өткөрүлүп жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилешти.

Профессор Самиева Ж. модераторлук кылып илимий практикалык конференцияны алып барды.

Пленардык талкуулодо Камилова Л «Климаттын ѳзгѳрүүсү» боюнча презентация даярдап катышуучуларга маалымат жеткирди.

Илимий практикалык конференцияга түшкѳн баяндамалар 2 секцияда каралып, студенттер тѳмѳнкү темаларда даярдалган презентация жана докладдары менен алмашышып маалымат жеткиришти жана талкуулар жүрдү.

1.Жашыл экономика, климаттын ѳзгѳрүшү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо, кайра жаралуучу энергия булактары.

2.Аба жана суу чѳйрѳсүнүн булгануусу, алардын таасири  жана чечүүнүн жолдору, ѳсүмдүктѳр жана жаныбарлар дүйнѳсүнүн учурдагы абалы.

Конференцияда 34 студент ѳз баяндамаларын окушуп, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.

Соңунда комиссия мүчѳлѳрү эң жакшы делген 10 баяндама ээлерин ЕККУнун ,Орхус Борборунун жана  Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин  баалуу белектери менен сыйланышты.

Ош шаарындагы Орхус Борборунун адиси Зайырбеков А.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *