Тегерек стол: «Жети-Өгүз районунун аймагындагы турмуш-тиричилик калдыктарын жайгаштыруучу жайларын мыйзамдаштыруу»

2019-жылдын 4-июлунда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында, ЕККУнун Бишкектеги программалык кенсесинин каржылык колдоосунда, Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган «Жети-Өгүз районунун аймагындагы турмуш-тиричилик калдыктарын жайгаштыруучу жайларын мыйзамдаштыруу»- деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столго Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары У.Далиев, Жети-Өгүз райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча борборунун башкы дарыгери А.Уметов, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын башкы адиси Т.Уланбеков жана Жети-Өгүз районунун айыл аймак башчылары, жер адистери катышты.

Тегерек столду Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары У.Далиев ачып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, райондун аймагындагы экологиялык маселелерге кыскача токтолду  жана  мындай тегерек столдор керек экендигин билдирип, айыл аймак башчыларын активдүү катышууга чакырды.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов катышуучуларга Орхус конвенциясынын принциптери, Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун 2018-жылдагы аткарган иштери тууралуу маалымат берип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын башкы адиси Т.Уланбеков аймактык башкармалык тарабынан жасалган иштерге  токтолуп, корутундуларды алууга байланышкан суроолорго жооп берди.

Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов таштанды таштоочу жайлардын жерлерин бир категориядан башка категорияга которуу  (трансформациялоо) турмуш-тиричилик калдыктары жайгашкан жерлерди мыйзамдаштыруу боюнча катышуучуларга толук маалымат берип, документтерди алуунун кадамдарын түшүндүрүп берди.

Катышуучулар  тарабынан бүгүнкү күнү таштанды таштоочу жайлардын жерлерин мыйзамдаштырууда көп кыйынчылыктар бар экендигин айтышып, документтерди бүтүрүү жылдап созулуп кетип жаткандыгын белгилешти. Мындай шартта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан  тиешелүү чечимдер кабыл алынып, мындай иштер тез арада чечилбесе жакынкы аралыкта таштанды маселеси боюнча чон көйгөйлөр жаралаарын белгилешти.

 

Тегерек столдун жыйынтыгы менен катышуучулар төмөнкүдөй резолюция кабыл алышты:

Таштанды таштоочу жайлар үчүн берилген жер тилкелерин бир категориядан башка категорияга которууну (трансформациялоону) айыл аймактарынын жана райондук мамлекеттик администрациясынын денгээлинде кыска убакытта ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын  тиешелүү мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине сунушталсын.

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *