Токой абалына байкоо жүргүзүү

2021-жылдын 16-июнунда 2021-жылга бекитилген иш-чаралардын алкагында Ысык-Көлдөгү Орхус борбору, келишимдик негизде консультант-эксперт менен биргеликте, Ак-Суу районунун токой фондунун жерлерине мониторинг жүргүзүштү.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын биология институтунун ага илимий кызматкери, Ысык-Көл мамлекетик университетинин доценти Иванов Александр Витальевич консультант катары тартылган. Консультантка мониторинг жүргүзүү менен төмөнкү техникалык тапшырмаларды аткаруу жагы тапшырылган.

-Ак-Суу районунун токойлорун кылдат карап чыгуу.

-токойлордун абалын, өсүү дараметин аныктоо.

-токойлордун ар кандай таштандылар менен булганышын аныктоо.

-токойлордун органикалык абалы.

-токойлордун адамдардын ден-соолугуна жана абалына тийгизген таасири.

-токойлордун аймактын флора жана фаунасына тийгизген таасири.

Мониторинг учурунда  токойлор текшерилип, айрым жерлерде ооруган бак-дарактар бар экендиги аныкталды.

Аба-ырайынын салкын болуп жаткандыгынан, эс алуучулардын саны аз, ошол себептен таштандылар аз өлчөмдө экендиги аныкталды. Ошондой болсо дагы  кээ бир адамдардын кайдыгер мамилесинин негизинде, токойлордун арасында, суулардын боюнда желим бөтөлкөлөр, целлофан баштыктары жаткандыгына күбө болдук.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча төмөнкү сунуштар берилди.

Каракол токой чарбасына:

  • карагайлардын массалык оорусун алдын алуу максатында, санитардык кыюуларды өз убагында жүргүзүү;
  • токойлордун табигый калыбына келүү жолдорунун ыкмаларын иштеп чыгуу;
  • эрежелерге ылайык, жайылган малдын санын жөнгө салуу;
  • тыйын чычкандардын санын жөнгө салуу;
  • таштандыларды таштоого тыюу салган маалыматтык такталарды орнотуу;
  • эс алуучуларга курчап турган чөйрөнү булгаганга жол бербөө тууралуу маалыматтарды берүү;

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетке:

-рекреациялык жүктөмдүүлүк боюнча өлчөмдөрдү иштеп чыгуу;

Каракол токой чарбасына Ак-Суу айыл өкмөтү менен биргеликте:

-эс алуучулар көп барган жерлерге, таштанды таштоочу контейнерлерди орнотуу;

– таштандыларды өз убагында ташып кетүүнү уюштуруу;

Аталган сунуштар тиешелүү чечимдерди кабыл алуу, керектүү иштерди алып баруу үчүн жергиликтүү өз алдынча органдарына, тиешелүү мамлекеттик органдарга  жиберилет.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *