Токой чарбасынын кызматкерлерге окуу өттү

16-июнь 2023-жылы  Ананьево айылында, Ысык-Көл токой чарбасынын токой кызматкерлери үчүн  Ысык-Көлдөгү Орхус борбору уюштурган, «Кыргыз Республикасында токой чарбаларынын жерлерин натыйжалуу пайдалануу. Токой маселелерин жөнгө салуу боюнча мыйзам актылары» – деген аталыштагы тренинг өткөрүлдү.

Тренингке Ысык-Көл, Түп токой чарбаларынын кызматкерлери катышты. Тренингдин максаты: токой кызматкерлерине токой чарбаларынын жерлерин натыйжалуу пайдалануу боюнча токой мыйзамдарын окутуп үйрөтүү, токойчулардын кесиптик денгээлин жогорулатуу.

Тренингдин башталышында Ысык-Көлдөгү Орхус борборунун менеджери С.Турсунакунов, Орхус конвенциясы, борбордун 2021-2022-жылдардагы ишмердүүлүгү боюнча презентация жасап, катышуучуларга кенири маалыматтарды берди.

Тренинг башталаардын алдында  катышуучуларынын билим денгээлин текшерүү үчүн тренингдин алкагында тесттик суроолорго жооп беришти.  Тренингдин 2-бөлүгүндө тренер С.Чукумбаев токой чарба тармагында Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын колдонуу боюнча маалыматтарды берип, Кыргыз Республикасынын Токой кызматы, КР токойлорду сактоо жана токойлордогу өрт коопсуздугу, Бактарды кыюу, КР токой жайгаштыруу эрежелери,  Мамлекеттик токой фондунун жерлерин тескөө, башкаруу боюнча Жоболорду, КР Токой кодексин, КР токой чарбасын 2040 –жылга чейин өнүктүрүүнүн Концепциясын  түшүндүрүп, суроолорго жооп берди.

Катышуучулар  тарабынан токой фондунун жерлерин ижарага берүү, ижара акыларын өндүрүү, көчөттөрдү өстүрүү боюнча питоиниктерди уюштуруу, малдардын жайылышынан улам жайыт жерлеринин бузулушу, дарыялардын сактоо зоналарындагы жеке ишкерлердин ишмердүүлүгү, токойлордогу өрт коопсуздугун сактоо, токойлордогу таштандылар боюнча суроолор берилип, жооптору берилди.

Тренингдин сонунда катышуучуларга тесттен кийинки суроолор берилип, катышуучулардын сунуш-пикирлери угулду. Тренингдин жыйынтыгы менен катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *