Укуктук ченемдик актылар боюнча тренингдер

2020-жылдын 17-18 –сентябрында Ош шаарындагы Орхус борбору тарабынан  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана Техникалык мамлекеттик инспекциясынын Айдаркен, Кызыл-Кыя шаарлары жана Кадамжай району боюнча, Баткен, Сүлүктү шаарлары жана Баткен, Лейлек райондору боюнча Региондор аралык башкармалыктарынын инспекторлору, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин алдындагы Биотүрдүүлүктү сактоо жана Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин, “Ош-Баткен мергенчилер жана балыкчылар коому” Коомдук бирикмесинин кызматкерлери үчүн “Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жаатындагы укуктук ченемдик актылар” деген тренинги өткөрүлдү. Ага 19 адам катышып, аны Биотүрдүүлүктү сактоо жана Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн башкы инспектору, жакында чыгарылган “Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо багытындагы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү укуктук-ченемдик актылардын жыйнагы” жыйнагынын демилгечиси, түзүүчүлөрүнүн бири – Х. Мурзаев өттү.

Алдын Орхус борборунун директору К. Исабаев борбордун Кыргыз Республикасында Орхус конвенциясын ишке ашыруу боюнча ишмердүүлүгү менен кыскача тааныштырып, сөздү Х. Мурзаевке берди. Тренер жыйнакты чыгарууга бир аз токтолуп, ал жөнүндө катышуучуларды кеңири тааныштырды. Тренинг учурунда жыйнактагы мыйзамдардын, токтомдордун, жоболордун, буйруктардын маанилүү учурларына токтолуп, аларды кеңири чечмелеп берди. Мыйзам бузуучуларды кармаганда мыйзамсыз атылган жаныбарларды, алардын куралдарын алып коюуда аларга протокол түзүү суроолор болуп, аларга тренер кеңири жана толук жооп берди.

Аягында катышуучулардан ушундай тренингди Экотехинспекциянын инспекторлорунун, Департаменттин, Мергенчилер жана балыкчылар коомунун, укук коргоо органдарынын жана соттордун кызматкерлеринин катышуусунда облустун деңгээлинде өткөрүүнү жана облустун деңгээлинде таштанды полигондору боюнча облустагы маселелерди чечүү боюнча облустагы бардык тиешелүү органдардын катышуусунда Тегерек стол өткөрүүгө Орхус борборунун көмөктөшүүсүн суранышты.

Орхус борбору менен Экотехинспекциянын региондор аралык башкармалыктарынын кызматташуусу жана 2021-жылы биргелешип аткарууга иш мерчемдер белгиленди.

Катышуучуларга Мергенчилик минимуму жана ЕККУнун каржылык жардамы менен 2020-жылы чыгарылган “Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо багытындагы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү укуктук-ченемдик актылардын жыйнагы” китеби таркатылды.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Баткен шаарында өткөрүүгө мерчемделген тренинг Пульгөн жана Баткен шаарларында бөлүнүп өткөрүлдү.

 

Коомчулук менен иш алып баруучу адис,

Т. Жумабеков

 

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *