Уран калдыктары көйгөйлөрүн чечүүдө кызыктар тараптарды тартуу

2020-жылдын июнь айынын экисинен он экисине чейин Ош шаарындагы Орхус борбору аймактардагы Коомдук экологиялык маалымат борборлору менен биргеликте Майлуу-Суу шаарында жана Шекафтар, Миң-Куш айылдарында бир нече жолугушууларды уюштурду. Жолугушууларда Билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мектеп мүдүрлөрү, мугалим-ыктыярчылар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, алардын жардамчылары жана Жумушчу комиссиялардын мүчөлөрү болуп, баардыгы 60 адам катышты.

Иш чаралардын максаты “Борбордук Азиядагы уран калдыктарына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө кызыктар тараптарды тартуу” долбоорунун алкагында мерчемделген бир катар иш чараларды аткаруу эле.

Жыйынтыгында “Жашыл Патрульдар” командалары жөнүндө Жобо Билим берүү бөлүмдөрүнүн жана Орхус борборунун жетекчилери тарабынан бекитилди. “Жашыл Патрульдар” командаларынын Жумушчу пландары мектеп мүдүрлөрү жана мугалим-ыктыярчылардын катышуусу менен талкууланды жана макулдашылды. Катышуучуларга “Экология боюнча колдонмо: окуу материалдарынын топтому” колдонмосун Кыргызстан мектептерине ылайыкташтыруу боюнча адистин аткарып жаткан жумушу боюнча маалымат берилди.

Жолугушуу учурунда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында түзүлгөн Жумушчу комиссиясынын мүчөлөрү комиссия түзүү боюнча Буйрук менен тааныштырылып, 2020-жылга алардын Иш мерчеми талкууланды.

2020-жылдын сентябрь айынан баштап жогоруда аталган аймактардын мектептеринде “Жашыл Патрульдар” командалары түзүлө баштайт. “Жашыл Патрульдар” командаларынын иш чара мерчеминде жергиликтүү калкка, окуучуларга экологиялык маалыматтарды, радиациялык коопсуздук боюнча ар кандай маалыматтык материалдарды таркатуу, коомчулуктун катышуусу менен курчап турган чөйрө боюнча иш чараларды (көчөттөрдү отургузуу, акцияларды жана ишембиликтерди өткөрүү), мектептерде дебаттарды, ийримдерди, КВНдер сыяктуу интеллектуалдык оюндарды өткөрүү каралган. Буларды жарыялоо окуу жылдын башталышына мерчемделген.

Айыл өкмөт башчылары, Вице-мэр, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында түзүлгөн радиациялык коопсуздук боюнча Жумушчу комиссиялардын мүчөлөрү менен жолугушууда комиссиялардын мүмкүнчүлүктөрүн, уран объектилерин калыбына келтирүү жумуштарына катышуусун, эл менен иш алып барууда алардын көмөктөшүүсүн жана иш мерчеми талкууланды.

Шекафтар айылындагы жолугушууда Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы менен калыбына келтирүү жумуштарынын башталышы боюнча Коомдук угууларды өткөрө турган жерди аныктоо маселеси талкууланды жана ал иш чара үчүн Шекафтар айлындагы парк тандалды.

Жумушчу комиссиянын иш мерчемине түшүндүрүү жумуштары, ӨКМнин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттигинин, Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын, Коомдук экологиялык маалымат борборлорунун радиациялык коопсуздук боюнча аткарган жумуштары боюнча жашоочуларга маалымат таркатуу, Коомдук угууларга, жолугушууларга жана калыбына келтирүү жумуштары боюнча ар  кандай иш чараларга катышуу иштери кире тургандыгын Орхус борборунун мүдүрү белгиледи. Аларды маалымат таркатууда активдүү катышууга чакырды. Ал эми Жумушчу комиссия жашоочуларга радиациялык коопсуздук боюнча маалымат таркатууну, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү өзүнүн иш мерчеми менен алып барат.

Жолугушуу алкагында катышуучулар иш аткаруучунун даярдоо жумуштары менен таанышуу үчүн Туюк-Суу уран калдыгы сакталган жайга барышты. Мында жумуш жүрүп жаткан аймактын прорабы, ӨКМнин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттигинин, Орхус борборунун жана Коомдук экологиялык маалымат борборунун өкүлдөрү катышышты. Азыркы учурда Туюк-Суу калдык сактоочу жайды башка жакка көчүрүү боюнча  даярдоо жумуштары аткарылып жатат.

Майлуу-Суу шаарынын вице-мэри менен жолугушууда Кыргызстандагы атом өнөр жай музейин түзүү боюнча даярдоо иш чаралары талкууланды. Орхус борборунун жана Коомдук экологиялык маалымат борборунун адистери Майлуу-Суу шаарынын маданият үйүн көрүшүп, мында музей үчүн 60, 49 чарчы метр 2 ылайыктуу бөлмө бар экендигине ынанышты. Архивдик маалыматтарды топтоо боюнча Майлуу-Суу шаарынын мамлекеттик архиви менен иш жүрүп жатат.

 

Коомчулук менен иш алып баруучу адис,

Тургунбек Жумабеков

ОКУП ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *